// //

Капуста жеп, түрдүү көнүгүүлөрдү жасасам, көкүрөгүм өсөбү? Маммологдун жообу

2020.06.04, 11:59
1465

Саламатсызбы. Мен кеңеш сурайын дегем, жакында 17ге чыгам, бирок көкүрөгүм алигиче кичине. Эмне кылсам болот? Ар кандай көнүгүүлөрдү жасап, жумуртка, капуста сыяктууларды көп жесе чоңоет, деп коюшат экен. Ушул чынбы? Бирок толуп кетеминби деп корком.

Бул сайтка чыккан маалыматтын бардыгы Bilesinbi.kg сайтынын менчиги болуп саналат. Сайтка чыккан маалыматты гиппер шилтемесиз колдонууга тыюу салынат.
Эксперттин жообу
04.06.2020, 12:01

Аида Осомбаева

Маммолог

Саламатчылык. Төштүн чоң же кичине болушу генетикадан, адамдын жеке анатомиясынан көз каранды. Бул сиздин өзгөчөлүгүңүз, башкалардан айырмаңыз.

Капуста, жумуртка жана түрдүү көнүгүүлөр жөн гана өзүңдү сооротуу. Булар төшүңүздүн чоңоюшуна эч кандай таасирин тийгизбейт.

Башкысы эмчекте эч кандай көйгөй жок, эч жери оорутпайт, келечекте өзүнө тиешелүү функцияны аткарса, болду. Келечекте турмушка чыгышыңыз мүмкүн, кош бойлуу болуп, бала төрөп, эмизип, эмчектен чыгарган учурда эмчегиңиз далай жолу өзгөрүп, чоңоюп, кичирейип турат.

Ушунчалык эле кичинекей болгону ойлондуруп жатса, пластикалык операция жасатсаңыз болот. Бирок, андай операциялар бой жетип, 18 жашка толгондон кийин гана жасатууга уруксат берилет.

Ден соолукта болуңуз.

Маммолог Аида Осомбаева менен @dr.mammolog.kg инстаграм баракчасы аркылуу байланышсаңыз болот.

Башкы беттеги сүрөт интернеттен алынды.

Маммологдун башка жоопторун бул жактан окусаңыз болот:

Эмчегимдин учу карттанып, кайра-кайра түшө берет, эмнеден болушу мүмкүн?

Кызымды эмчектен чыгарганыма бир жылдан ашты, бирок дагы деле сүтүм бар

Боюмда бар, колтугумда бир дөмпөк пайда болу, эмнеден болушу мүмкүн?

Мен эркекмин көкүрөгүмдо без бар, жок кылса болот? Маммологдун жообу

0
Пайдалуу жооп
Анонимдүү колдонуучунун суроосу модератор текшергенден кийин гана сайтка жайгаштырылат. Эгер сиздин сурооңуз тез жайгашсын десеңиз анда биздин социалдык түйүндөрдүн бирине катталыңыз.
Ɵзүн туура алып жүрүү
биздин сайтта:
сөгүнгөн сөздөрдү жазганга болбойт
суроолорду ким жазса, ага карата мазактаган, шылдыңдаган сөздөрдү жазууга болбой
кимдир бирөөлөрдү коркутуп үркүтүү, же жекеме-жеке сүйлөшүүгө чакырууга болбойт
дискусиянын катышуучуларынын кадыр баркына шек келтирүүгө, басынтууга болбойт
КР нын мыйзамына каршы келген жоопторду чыгарууга болбойт
жоопторду транслитке чыгарууга болбойт
жоопторду башкы тамгалар менен бөлүп чыгарууга болбойт
адамдардын тутунган динине, улутуна асылган, басынткан сөздөрдү жазып чыгарууга болбойт
бир эле суроого ар кайсы ник менен жазууга болбойт
ник менен сөгүнүп сагынган сөздөрдү жазууга болбойт
суроого тиешеси жок жоопторду жазууга болбойт