// //

Гинеколог болуш үчүн канча жыл окуш керек? Гинеколог жооп берет

2020.06.02, 10:46
2900

Бала кезимен бери гинеколог болгум келет. Бирок алдыда ЖРТ тести турат. Өтпөй калсам, кантип гинеколог болом? Сөзсүз түрдө жогорку билимдүү болуш керекпи? Негизи бул кесипти аркалоо үчүн канча жыл окуйт?

Бул сайтка чыккан маалыматтын бардыгы Bilesinbi.kg сайтынын менчиги болуп саналат. Сайтка чыккан маалыматты гиппер шилтемесиз колдонууга тыюу салынат.
Эксперттин жообу
02.06.2020, 10:47

Светлана Коздрович

Гинеколог-эндокринолог

Саламатчылык. Мурун дарыгер болуу үчүн (айырмасы жок, гинеколог, терапевт, офтальмолог ж.б.) 8 жыл окуш керек болчу. Бүгүнкү күндө жаңылбасам, медик болуу үчүн студенттер 12 жылга чейин окушат.

Бул суроого так жоопту медициналык адистерди даярдоочу окуу жайга кайрылып билип алсаңыз болот.

Дарыгер – бул жогорку билими бар адис, ошондуктан сөзсүз жогорку билим алуу керек. Эгер дароо эле жожго өтө албасаңыз, алгач медициналык колледждердин билим алып, кийин кайра университетке тапшырууга аракет кылып көрсөңүз болот.

Ийгилик!

Гинеколог-эндокринолог Светлана Коздровичти  инстаграмдагы  @arzclinic баракчасы аркылуу тапсаңыз болот.

Башкы беттеги сүрөт интернеттен алынды.

Бул жерден гинекологдун башка суроолорго жоопторун окусаңыз болот:

Кош бойлуумун аз-аздан кан кетип жатат. Коркунучу жокпу? Гинекологдун жообу

Жатыным эки ача экен, бойго бүтүүгө тоскоолдук болбойбу? Гинеколог жооп берет

18 жашымда дары менен бодйон түшүргөм, эми төрөй албаганым ошондонбу?

0
Пайдалуу жооп
Анонимдүү колдонуучунун суроосу модератор текшергенден кийин гана сайтка жайгаштырылат. Эгер сиздин сурооңуз тез жайгашсын десеңиз анда биздин социалдык түйүндөрдүн бирине катталыңыз.
Ɵзүн туура алып жүрүү
биздин сайтта:
сөгүнгөн сөздөрдү жазганга болбойт
суроолорду ким жазса, ага карата мазактаган, шылдыңдаган сөздөрдү жазууга болбой
кимдир бирөөлөрдү коркутуп үркүтүү, же жекеме-жеке сүйлөшүүгө чакырууга болбойт
дискусиянын катышуучуларынын кадыр баркына шек келтирүүгө, басынтууга болбойт
КР нын мыйзамына каршы келген жоопторду чыгарууга болбойт
жоопторду транслитке чыгарууга болбойт
жоопторду башкы тамгалар менен бөлүп чыгарууга болбойт
адамдардын тутунган динине, улутуна асылган, басынткан сөздөрдү жазып чыгарууга болбойт
бир эле суроого ар кайсы ник менен жазууга болбойт
ник менен сөгүнүп сагынган сөздөрдү жазууга болбойт
суроого тиешеси жок жоопторду жазууга болбойт