БМУнун “Эл аралык мамилелер” бөлүмүнөн Ала-Тоо университетине которула аламынбы?
Учурда БМУнун “Эл аралык мамилелер” факультетинин биринчи курсунда окуйм. Кийинки жылы Ала-Тоо университетинин IT бөлүмүнө окууну пландап жатам. ЖРТны бербестен, дароо биринчи курска которулууга мүмкүнчүлүгүм барбы? Айта кетчү нерсе, англис тилимдин денгээли биринчи курстан окуп кетүүгө жетиштүү.
Ала-Тоо эл аралык университетинин пресс-кызматы
Саламатсызбы. Эгер өзүңүздүн кесибиңизге эле өтсөңүз анда ЖРТсиз биринчи курстан которулууга мүмкүнчүлүгүңүз бар. Ал үчүн БМУнун сабактары менен “Ала-Тоо” эл аралык университетинин сабактарын салыштыруу керек.
Ал эми IT бөлүмүнө которулуу үчүн ЖРТ менен кайра тапшыруу керек болуп калат.
Ангшлис тилин билүү деңгээлиңиз жакшы болсо, дароо биринчи курска кабыл алынасыз, ал эми жетишсиз болуп калса, анда бир жылдык даярдоо курсунда тил үйрөнүп, андан соң кесибиңизди англис тилинде окууну улантсаңыз болот.
Ийгилик!
Башкы беттеги сүрөт иллюстративдүү.
Ала-Тоо университети тууралуу кошумча маалыматты бул жактан окусаңыз болот:
Кесип тандоо: Азыркы күндө юристтерге суроо-талап барбы?
Кантип англис тилин мыкты өздөштүрсөм болот? Англис тил мугалими айтып берет
ЖРТден балл жетишсиз болсо, кайсы окуу жайга тапшырса болот?