// //

Бетимдин терисин “воск” менен күйгүзүп алдым. Так калып калабы?

2020.05.26, 12:06
1292

Саламатсызбы. Бетимди “воск” менен тазалатып жатып, терисин күйгүзүп алдым. Эми күрөң түстөгү так калып, сыйрылып жатат. Кийин кетеби, же так калып калабы?

Бул сайтка чыккан маалыматтын бардыгы Bilesinbi.kg сайтынын менчиги болуп саналат. Сайтка чыккан маалыматты гиппер шилтемесиз колдонууга тыюу салынат.
Эксперттин жообу
26.05.2020, 12:07

Асель Алымбаева

Косметолог

Саламатчылык. Сиздин бетиңизди “воск” менен тазалап жаткан адис дароо Пантенол же Бепантен маздарын жазып бериши керек болчу. Эгер жаратыңыз тартыла элек болсо, бирөөсүн сатып алып колдонуп көрүңүз. Ал бетиңиздин терисин кайра калыбына келишине жардам берет.

Эгер бетиңизде так пайда болуп сыйрылып жатса, аны сыйрып, кырып, алып салууга аракет кылбаңыз. 2-4 жума эч кандай чара көрбөңүз. Күнгө да чыкпаганга аракет кылуу керек. Болбосо күндөн коргоочу крем менен колдонгула.

Эгер бетиңиздеги тактар өзүнөн-өзү жоголбосо, анда косметологго кайрылуу керек.

Ийгилик!

Косметолог Асель Алымбаеваны инстаграмдагы @alymb_asel_cosmet баракчасы аркылуу тапсаңыз болот.

Башкы беттеги сүрөт интернеттен алынды.

Косметологдоун башка суроолорго жоопторун бул жактан окусаңыз болот:

Мен жигитмин, бетим кургай берет, эмне колдонушум керек? Косметолог жооп берет

Бетиме “детский крем” колдоно берсем болобу? Косметолог жооп берет

“Угрини” самын менен жууп кетирип жатам, бул туурабы? Косметолог жооп берет

0
Пайдалуу жооп
Анонимдүү колдонуучунун суроосу модератор текшергенден кийин гана сайтка жайгаштырылат. Эгер сиздин сурооңуз тез жайгашсын десеңиз анда биздин социалдык түйүндөрдүн бирине катталыңыз.
Ɵзүн туура алып жүрүү
биздин сайтта:
сөгүнгөн сөздөрдү жазганга болбойт
суроолорду ким жазса, ага карата мазактаган, шылдыңдаган сөздөрдү жазууга болбой
кимдир бирөөлөрдү коркутуп үркүтүү, же жекеме-жеке сүйлөшүүгө чакырууга болбойт
дискусиянын катышуучуларынын кадыр баркына шек келтирүүгө, басынтууга болбойт
КР нын мыйзамына каршы келген жоопторду чыгарууга болбойт
жоопторду транслитке чыгарууга болбойт
жоопторду башкы тамгалар менен бөлүп чыгарууга болбойт
адамдардын тутунган динине, улутуна асылган, басынткан сөздөрдү жазып чыгарууга болбойт
бир эле суроого ар кайсы ник менен жазууга болбойт
ник менен сөгүнүп сагынган сөздөрдү жазууга болбойт
суроого тиешеси жок жоопторду жазууга болбойт