Безеткилер канча жаштан баштап чыгат? Косметолог жооп берет
Саламатсызбы. Мен 14 жаштамын. Терим өтө сезимтал болуп, бетиме безеткилер чыгып кетти. Деги эле безеткилер канча жаштан чыгат? Эмнеге чыгат? Аларды кантип кетирсе болот?
Асель Алымбаева
Косметолог
Саламатчылык. Безеткилер ар кимде ар кайсы жаш куракта пайда болот. Адатта 11-12 жаштан баштап чыгат. Айрымдар бул көйгөйдөн такыр азап тартпайт.
Себептери абдан көп, мисалы:
- тукум кууйт;
- организмдеги гормоналдык өзгөрүүлөр;
- тамак сиңирүү системасындагы көйгөйлөр;
- теринин алдындагы кене (клещ);
- тери оорусу (грибок) ж.б.
Беттин терисине туура кам көрүү үчүн косметологго кайрылып көрүңүз. Ал сиздин териңиздин өзгөчөлүктөрүн эске алып, тиешелүү кам көрүүчү каражаттарды тандап берет.
Ийгилик!
Косметолог Асель Алымбаеваны инстаграмдагы @alymb_asel_cosmet баракчасы аркылуу тапсаңыз болот.
Башкы беттеги сүрөт интернеттен алынды.
Косметологдоун башка суроолорго жоопторун бул жактан окусаңыз болот:
Мен жигитмин, бетим кургай берет, эмне колдонушум керек? Косметолог жооп берет
Бетиме “детский крем” колдоно берсем болобу? Косметолог жооп берет
“Угрини” самын менен жууп кетирип жатам, бул туурабы? Косметолог жооп берет