// //

Баланын өнүгүү этаптары 1-6 ай. Бул тууралуу ар бир ата-эне билиш керек

2019.06.26, 15:39
4671

А сиз баланын тамак ашындагы пайдалуу заттардын 75% мээсинин өрчүшүнө жумшала турганын билчү белеңиз? Же баланын мээсинин 80% 3 жашка чейин калыптанарын билчү белеңиз?

Баланы кучактап, өпкүлөп, ойнотуп жана тамакты жетишээрлик деңгээлде берүү менен анын баш мээсинин толук кандуу калыптануусуна жардам бересиз.

Бул жерде балаңыздын турмуш жолунун мыкты башталышын камсыздай турган кеңештер берилет:

1 айдан 6-айга чейинки балага кам көрүү

А сиз билчү белеңиз? Бир айдан 3 айга чейинки наристелер 20-30 см аралыктагы буюмдарды гана көрө алышат. Үч айдан кийин көрүү диапазону кыйла кеңейет.

  • Кичинекей наристеге сизди угуп, көрүп, кармап көрүүсүнө жана эркин кыймылда болуусуна ылайыктуу шарт түзүп бериңиз. Акырындык менен балада сизге болгон ишеним күч ала баштайт.
  • Баланы колуңузга алып, кучактап, боорунузга кысыңыз. Далынан акырын сылаңыз. Колго алганда бала тынчтанат. Сиздин жылуулугуңузду, тааныш жытыңызды сезген баланын маанайы жайдары боло түшөт.
  • Түстүу буюмдарды жай ары- бери жылдырыңыз. Көздөрү менен ээрчип караганды үйрөнсүн. Буюмдарды карап, колу менен кармап көрсүн. Шылдырактын үнүн уккан бала аны кызыгуу менен карайт (добушу катуу эмес шылдырактарды тандаңыз).
  • Балаңызды карап жылмайып күлүңүз. Бир аз убакыттан кийин сиздин жылмаюңузга жооп кайтарып, кошо күлгөнду үйрөнөт.
  • Балаңыз менен жумшак сүйлөшүп, ал чыгарган добуштарды туураңыз. Жүзүңүздү кызыгуу менен карап, сизди тууроого аракет кылып баштаганын байкайсыз.
  • Балага тааныш буюмдардын, жаныбарлардын, адамдардын сүрөттөрүн кесип алып көрсөтүңүз. Колуңуздан келсе, түстүү, ар кандай көлөмдо жасаңыз. Сүрөттөрдөгу буюмдарга, адамдарга байланыштуу окуяларды айтып бериңиз. Сиздин сөзүңүздү угуп жатканын байкаңыз.
  • Баланы ойнотуңуз. Ичине жаткырып алып акырын массаж жасап бериңиз. “Азыр сени кармайм, кармайм” – деп кичине кытыгылаңыз. Бир нече жолу кайталагандан кийин, бала кийинкисин күтуп, кубанып, кыткылыктап күлөт.

 

Маалымат unicef.org сайтынан алынды. 

Бул сайтка чыккан маалыматтын бардыгы Bilesinbi.kg сайтынын менчиги болуп саналат. Сайтка чыккан маалыматты гиппер шилтемесиз колдонууга тыюу салынат.
Анонимдүү колдонуучунун суроосу модератор текшергенден кийин гана сайтка жайгаштырылат. Эгер сиздин сурооңуз тез жайгашсын десеңиз анда биздин социалдык түйүндөрдүн бирине катталыңыз.
Ɵзүн туура алып жүрүү
биздин сайтта:
сөгүнгөн сөздөрдү жазганга болбойт
суроолорду ким жазса, ага карата мазактаган, шылдыңдаган сөздөрдү жазууга болбой
кимдир бирөөлөрдү коркутуп үркүтүү, же жекеме-жеке сүйлөшүүгө чакырууга болбойт
дискусиянын катышуучуларынын кадыр баркына шек келтирүүгө, басынтууга болбойт
КР нын мыйзамына каршы келген жоопторду чыгарууга болбойт
жоопторду транслитке чыгарууга болбойт
жоопторду башкы тамгалар менен бөлүп чыгарууга болбойт
адамдардын тутунган динине, улутуна асылган, басынткан сөздөрдү жазып чыгарууга болбойт
бир эле суроого ар кайсы ник менен жазууга болбойт
ник менен сөгүнүп сагынган сөздөрдү жазууга болбойт
суроого тиешеси жок жоопторду жазууга болбойт