// //

Бул тесттен өтсөңүз, ичкиликтен көз карандысызбы же жокпу билинет

2020.05.20, 18:15
5568

«Дем-нур» медициналык борборунун директору, врач-нарколог Шайлообек Өмүралиевдин ичкиликке берилип кеткен адамдарды жакшы жашоого үндөгөн “Эски адатты ташта, жаңы жашоо башта” деп аталган китебиндеги тестти жарыялайбыз. Ичимдикке көз карандысызбы же жокпу, тесттен өтүп билип алсаңыз болот. 

1. Арактын даамын биринчи жолу качан таттың, андан бери канча жыл өттү?

А) 5-10 жыл (1 упай)

Б) 10-15 жыл (2 упай)

В) 15-20 жылдан көп (3 упай)

2. Аракты бир айда канча жолу ичесиң?

А) бир жолу (1 упай)

Б) эки жолу (2 упай)

В) 3 же 4 жолу (3 упай)

3. Тойлогон күндүн эртеси баш жазасыңбы?

А) баш жазбайм (1 упай)

Б) кез-кезде (2 упай)

В) сөзсүз баш жазам (3 упай)

4. Мас болгон күндөрдүн эртеси соолуккандан кийин кээ бир окуяларды эстей албай кыжалат болосуңбу, кыйналасыңбы?

А) баары эсимде (0 упай)

Б) чала-була эсимде (1 упай)

В) такыр эсте жок (3 упай)

5. Арак ичип чарчаган күндөрдүн эртеси жумушка чыкпай каласыңбы, жетекчиден тил угасыңбы?

А) жумушту калтырбайм (0 упай)

Б) кез-кезде чыкпай калам (2 упай)

В) жумушту калтырган күндөр көбөйүп кетти (3 упай)

6. Сен ичкен арактын эсебинен үй-бүлөдө уруш-талаш, чыр-чатак көбөйүп баратабы?

А) чыр-чатак жок ( 0 упай)

Б) көбөйө баштады (2 упай)

В) такай чыр-чатак (3 упай)

7. “Аракты таштадым” деп өзүңө, ата-энеңе, аялыңа, балдарыңа, убада берип келе жатасың, бирок натыйжа жок.

А) убада бере элекмин (0 упай)

Б) убадам 2 же 3 айдан кийин бузулат (2 упай)

В) тез эле кайра ичип алам (3 упай)

8. “Аракты чоң-чоң майрамдарда гана ичем” же “эки рюмкадан ашык ичпеш керек” деп, ичкен арагыңды катуу көзөмөлгө алгың келет. Бирок, баягы эле бир рюмкадан токтоно албай он чакты күн тынбай ичесиңби?

А) 3 күнгө созулат (1 упай)

Б) беш күнгө созулат (2 упай)

В) 7-10 күнгө созулат (3 упай)

9. Сени менен чогуу жашаган эң жакын адамдарың: ата-апаң- ичпечи балам, балдарың – ичпечи ата (апа), аялың, күйөөң – ичпечи айланайын, деп суранып келе жатканына канча жыл болду?

А) 5 жыл (1 упай)

Б) 10 жыл (2 упай)

В) 15-20 жыл (3 упай)

Жооп:

1-топ: Эгер сен ушул суроолорго чын ниетиңден туура жооп берип 12 упайдан 15 упайга чейин топтосоң, анда сен алкоголизмдин сазына тизеңе чейин баткансың. Терең ойлонуп тезинен врачка кайрыл.

2-топ: Топтогон упайың 18ден 21ге чейин жетсе, алкоголизмдин сазына белиңе чейин кирдиң. Ошондуктан, кежирленбей ооруну моюнга алып, бардык шылтоону таштап, жанталашып бул азаптан кутулганга болгон күчүңдү жумша.

3-топ: Топтогон упайың 21ден жогору болсо, өзүңдүн өмүрүң, үй-бүлөңдүн тагдыры өтө коркунучта. Сенин бул китепти окуруңду деле кудай билет. Шайтан арактын сазына кокоңо чейин кирдиң. Тезинен дарыгерге кайрыл.

Бул жерден башка кызыктуу тесттерден өтсөңүз болот:

Бул суроолорго акылдуулар гана жооп бере алат. Тесттен өтүп көрүңүз

Бул кайсы советтик тасмадагы кадр? Билем десеңиз, тесттен өтүңүз 

Алыкул Осмоновдун сүйгөнү ким болгон? Акын тууралуу кызыктуу тест

Кыргыздын ырым-жырым каадаларын билбей калып уят болбойсузбу? Тесттен өтүңүз

"Апамдын махабаты" телесериалы боюнча кызыктуу тесттен өтүңүз

Келемиш күлө алат. Алданбайм десеңиз, чын же калп тестинен өтүңүз

Бул сайтка чыккан маалыматтын бардыгы Bilesinbi.kg сайтынын менчиги болуп саналат. Сайтка чыккан маалыматты гиппер шилтемесиз колдонууга тыюу салынат.
Анонимдүү колдонуучунун суроосу модератор текшергенден кийин гана сайтка жайгаштырылат. Эгер сиздин сурооңуз тез жайгашсын десеңиз анда биздин социалдык түйүндөрдүн бирине катталыңыз.
Ɵзүн туура алып жүрүү
биздин сайтта:
сөгүнгөн сөздөрдү жазганга болбойт
суроолорду ким жазса, ага карата мазактаган, шылдыңдаган сөздөрдү жазууга болбой
кимдир бирөөлөрдү коркутуп үркүтүү, же жекеме-жеке сүйлөшүүгө чакырууга болбойт
дискусиянын катышуучуларынын кадыр баркына шек келтирүүгө, басынтууга болбойт
КР нын мыйзамына каршы келген жоопторду чыгарууга болбойт
жоопторду транслитке чыгарууга болбойт
жоопторду башкы тамгалар менен бөлүп чыгарууга болбойт
адамдардын тутунган динине, улутуна асылган, басынткан сөздөрдү жазып чыгарууга болбойт
бир эле суроого ар кайсы ник менен жазууга болбойт
ник менен сөгүнүп сагынган сөздөрдү жазууга болбойт
суроого тиешеси жок жоопторду жазууга болбойт