Күйөсүнүн кол көтөргөнүнө кандай жинди чыдайт?

2018.11.28, 16:47
1256

Ал мага качантан бери кол көтөрө баштаганы деле эсимде жок. Кайсыл учурда андан корко баштаганымды дагы билбей калдым. Бирок, биринчи жолу түнү бою мага уйку бербегени али эсимде: кыйкырып, кол шилтеп, инимен кармап алып жулкунтуп жатты. Кийин мындай түндөр адатка айланды.

Бир жылдык жашоом ушинтип өттү. Эки күндүн биринде түнү менен ыйлап чыгам, жумушка шишип келем. Кесиптештерим чырлашып жатканыбызды шекшип жатышты эле болуш керек, бирок эч ким кийлигишкен жок. Мен деле сырымды ачкан жокмун. Эмне дейм... Ошондуктан, азыр көзү көгөргөн, же маанайы пас аялды көрсөм эле, уят-сыйыттын бардыгын жыйыштырып коюп, жардам керекпи деп сурайм.

Мен тозокто жашап жатканымды аңдаган жокмун

Ал мени уруп жатканда эч нерсе билбей калат деген ойдо жүрдүм. Мен өзүм азабын тартып жатам да,  кайра аны аяп коем, кайра аны актайм: анын балалыгы оор өттү – үй бүлөсүндө зордук-зомбулук өкүм сүрөр эле, атасынын ур-токмогунан денесинин соо жери калган эмес. Энесине болушам деп жатып өзү таяк жеп калчу экен...

Күндөрдүн биринде ал ашканага кирип келип, артынан эшикти жапты, биздин балабыз анын мыкаачылыгын көрбөсүн деди окшойт, ошондо ал бардыгын билип туруп жасап жатканын түшүндүм. 31-декабрь болчу. Жаакка чаап, бир нече жолу башка койду. Үйдө жээним бар болчу, ал эжеме телефон чалып, эжем дароо келе калды. Жолдошум (бактыма, мурунку) апама телефон чалып, мени сабаганын айтпай туруп, эжем биздин үй бүлөлүк жашообузга кийлигишип жатат деп арызданыптыр.

Мен үчүн ошондо гана ал бүт бардыгын билип туруп жасаганы түшүнүктүү болду. Ошондо кѳзүм ачылды.

Жаңы жылды инимдин үй бүлөсү менен тостум – көздөрүм көгала, башым маң, колумда эки жаштагы уулум бар. Денем да, жаным да ооруп, көз жашым чуурулуп жаңы жылдык дасторкондогу оливье салаты менен шампанскийге тамчылап жатты. Бардыгы менин акыбалымды көрүп турушту, бирок эч ким биздин жеке жашообузга кийлигишүүгө батына алган жок. Бирок мени колдорунан келишинче колдоп жатышты. Инимдин жаш келинчеги, бардыгы жакшы болот, жаңы жашоо башталат деп айтып жатты, а мен болсо дале мурунку жашоомдун коркунучтуу куюнунда айланып – келечекке үмүт артып, келечек тууралуу ойлонууга алым да жок эле. Мен жардамга муктаж элем – дарыгерге, капельницаларга, дары-дармектерге, постконфликтик терапевтке, бирок мунун бардыгын бизден кайдан тапмак элем, бизде үйдөгү зордук-зомбулуктун курмандыктарын коргоо институционалдык дагы, үй-бүлөлүк дагы денгээлде жок эмеспи...

Өзүмдү өзүм куткарышып керек экенин түшүндүм Курбум бир психологдун телефонун берди. Ал ишин мыкты билген адис экен, мени караңгы туңгуюктан сууруп чыкты. Ал мага жаралган кырдаалга сырттан кароого жардам берди. Кызыктай угулат болуш керек, бирок мен психолог менен маектешкенге чейин эмне болуп жатканын такыр түшүнбөптүрмүн. Психолог мага суроо бергендери эсимде:

-Ал сизди канча жолу урду? Жаакка чаптыбы? Бир жолубу? Акыркы жолу урушканыңарда канча жолу урду?

Ызаланганыман сүйлөй албай калдым. Анда ал:

-Мен санайм, сиз болсо баш ийкеп билдириӊиз, деди.

Ал санай баштады:

-бир, эки, үч... деп туруп өзү токтоду.

-Сиздин үй бүлөңүздө зомбулук бар, сизге жардам керек.

Психологго кайрылгандан кийин жолдошума: “Сен мени сабадың”, - деп айтканга дитим барды. Анда ал: “Бул сабагандык эмес. Мына менин атам энемди сабачу, бул болсо – жөн эле да”, – деп жооп берди.

Турмушка чыкканга чейин: “Күйөсүнүн кол көтөргөнүнө кандай жинди чыдайт?”, – деп айтаар элем. Эми гана түшүнүп калбадымбы. Коркуу сезими  – түрү суук, жанды аӊтарган нерсе экен. Ал сенин жүрүм-турумуңдун жана кабыл алган чечимдериңдин өзөгү боло алат экен.

Өмүрүңө же балаңа коркунуч туудуруп жатат деп ойлонтбостон, ал кечинде келет, анан тозоктун эшигин ачат деген ойдон чыга албай калат экенсиң. Сен чет өлкөлөргө саякаттайсың, учак менен учасыӊ, бирок сенин оюң, жаныӊ, дилиӊ сени күндөн-күнгө талкалап жаткан бир гана батириңдин алкагында жашап калат...

Психологдун жардамынан кийин жана жакындарым биз тууралуу уккандан кийин, мен аны менен жашабайм деп айтканга эрким жетти. Биз ажырашкандан кийин деле мага телефон чалып, мынча кеч кайда “темселеп жүргөнүмдү” сурап, кыйкырып уруша берчү. Эмне барайынбы!, – деп коркутса – мен кадимкидей коркуп, кайда жүргөнүмдү айтып актанып калаар элем. Кийин расмий түрдө ажыраштык, бирок коркуу сезими ошо бойдон кала берди. Ошо бойдон акмактыгын бетине айта алган жокмун. Такыр. Ал кайрадан үйлөнүп, башка өлкөгө көчүп кетишти. Мен буга аябай сүйүнѳм – деле эчкачан ага кайра жолукпасам экен.

Күйөсүнөн токмок жеп жүргөн ар бир аялга айткым келет: “Кач! Артыңды карабай кач! Ал оңолбойт. Балдарыңдын зөөкүр ата менен жашагандан көрө атасы жок чоңойгону жакшы. Кач! Сен ансыз деле бактылуу боло аласың! Өзүңдү, балдарыңды куткар! Чыдап жашайм дебе. Кач. Жашоонун бардыгы алдыда! Бирок, ансыз”

Бул сайтка чыккан маалыматтын бардыгы Bilesinbi.kg сайтынын менчиги болуп саналат. Сайтка чыккан маалыматты гиппер шилтемесиз колдонууга тыюу салынат.
А
Аноним
29.04.2019, 14:29

Эн туура чечим ???аял затты эч качан кор болбош керек.

0
Пайдалуу жооп
Анонимдүү колдонуучунун суроосу модератор текшергенден кийин гана сайтка жайгаштырылат. Эгер сиздин сурооңуз тез жайгашсын десеңиз анда биздин социалдык түйүндөрдүн бирине катталыңыз.
Ɵзүн туура алып жүрүү
биздин сайтта:
сөгүнгөн сөздөрдү жазганга болбойт
суроолорду ким жазса, ага карата мазактаган, шылдыңдаган сөздөрдү жазууга болбой
кимдир бирөөлөрдү коркутуп үркүтүү, же жекеме-жеке сүйлөшүүгө чакырууга болбойт
дискусиянын катышуучуларынын кадыр баркына шек келтирүүгө, басынтууга болбойт
КР нын мыйзамына каршы келген жоопторду чыгарууга болбойт
жоопторду транслитке чыгарууга болбойт
жоопторду башкы тамгалар менен бөлүп чыгарууга болбойт
адамдардын тутунган динине, улутуна асылган, басынткан сөздөрдү жазып чыгарууга болбойт
бир эле суроого ар кайсы ник менен жазууга болбойт
ник менен сөгүнүп сагынган сөздөрдү жазууга болбойт
суроого тиешеси жок жоопторду жазууга болбойт