Үйлөнөм деп алдап, качып кетти. Мен аны сотко берсем болобу? Адвокаттын жообу
Саламатсызбы. Мен бир бала менен сүйлөшүп жүргөм, ал мени алам деп айтчу. Кийин боюма бүтүп калганда иштеп келем деп алдап, качып кеткен. Мен аны интернет аркылуу таптым, чет жакта башка бирөө менен никесин кыйдырып, жашап жатыптыр. Мен аны сотко берсем болобу? Кызым жакында бирге чыгат. Бирок ЗАГСыбыз жок. Эмне кылышым керек?
Эркингүл Шаршенбекова
Адвокат
Саламатчылык. Ортоңордо никеңер катталбаса, кыздын атасы катары да жазылбаса керек. Сиз аны сотко аталыгын аныктап, алимент өндүрүү максатында эле кайрылсаңыз болот.
Мындан башка сотко эмне деп бергиңиз келип жатат? Мен сизди түшүнө алган жокмун.
Бирок аталыгы аныкталса, кийин кызыңыз 18 жашка чыккычакты чет өлкөгө өз алдынча чыга албайт, сөзсүз атасынын макулдугу керек болот. Андан тышкары, атасы карып калгандан кийин кызыңыздан аны багып каржылоосун сот аркылуу доолай алат. Ушул нерселерди эсиңизге алып коюңуз.
Адвокат Эркингүл Шаршенбекованы инстаграмдагы @advokat_kg_erkingul баракчасы аркылуу тапсаңыз болот.
Башкы беттеги сүрөт интернеттен алынды.
Алимент тууралуу башка суроолорго жоопту бул жактан окусаңыз болот:
Алимент төлөбөй качып жүргөн күйөөмдү сот аткаруучулар издебей жатышат
Күйөөм менен үч ай жашап ажыраштым, ичимдеги балага алимент өндүрө аламынбы?