Күйөөм менен үч ай жашап ажыраштым. Ичимдеги балага алимент өндүрө аламбы?
Күйөөм менен ЗАГСдан өтпөй 3 айда ажырашып кеттим. Азырда боюмда бар. Алимент өндүрөө аламбы? Күйөөм жеке ишканада автомобиль оңдоп иштейт. Атында машина да, үй да жок. Бирок үй жакында анын атына өткөрүлөт. Канча алимент өндүрө алам?
Нурислам Раимжанов
"Справедливость" укук коргоо уюмунун юристи
Урматтуу окурман! Балаңыз төрөлгөндө туулгандыгы тууралуу күбөлүк алып жатканда күйөөңүз менен аны атасы катары көрсөтүү боюнча сүйлөшүңүз. Эгер ал макул болбосо, жалгыз бой эне катары туулгандыгы тууралуу күбөлүгүн ала бересиз. Андан кийин сотко аталыгын аныктоо жана алимент өнндүрүү боюнча доо арыз менен кайрыласыз. Сот карап чыгып, аталыгын аныктап, алимент өндүрүү боюнча чечим чыгарып берет. Андан тышкары, төрөгөн баланы бакканыңыз боюнча өзүңүзгө үч жылга алимент өндүрсөңүз болот. Бул үчүн дагы ортодогу бала үч жашка толгонго чейин алимент өндүрүү боюнча доо арыз жазып сотко кайрыласыз. Демек, эки түрдүү алимент алсаңыз болот. Биринчиси балаңызга, экинчиси баланы кароо жүзөөгө ашырганыңыз үчүн өзүңүзгө.
Бул жерден алимент тууралуу башка материалдарды окусаңыз болот:
ЗАГС жок алимент өндүрүүнүн жолдору барбы?
Күйөөмөн балама жана өзүмө алимент өндүрсөм болобу?
Боюмда болуп калганда таштап кеткен жигитимден алимент өндүрсөм болобу?