Алимент төлөбөй качып жүргөн күйөөмдү сот аткаруучулар издебей жатышат
Күйөөм экөөбүздүн ортобузда ЗАГС жок. Алимент төлөбөй качып жүрөт. Кимге кайрылсам болот? Сот аткаруучулар аны издөөгө арыз албай жатышат. Таджикстанга кеткенде гана 3000 сом төлөп жолун ачтырып алат.
Нурислам Раимжанов
"Справедливость" укук коргоо уюмунун юристи
Урматтуу окурман! “Алимент төлөнсүн” деген соттун чечими чыккан болсо, анда күйөөңүз буйруктун негизинде алимент төлөөгө милдеттүү болот. Үй-бүлө Кодексине ылайык ата-эне өз баласына кам көрүүгө милдеттүү, сөзсүз түрдө сот мажбур кылып, сот аткаруучулар артынан кубалабаш керек. Тилекке каршы, бүгүнкү күндө алимент төлөөчүлөр жоопкерчиликти сезбей жатышат.
Эгер соттон кагаз чыккан болсо, сот аткаруучуларга төлөбөй жатканы боюнча арыз берсеңиз, алар сөзсүз түрдө арызды алып, мыйзам чегинде жооп берүүгө, атайын аракеттерди көрүүгө тийиш. Сот аткаруучулар өз ишин аткарбаса, алардан жогору турган сот аткаруучулар департаментине же прократурага үстүлөрүнөн арыз менен кайрылсаңыз болот.
Бул жерден юристтин башка суроолорго жоопторун окусаңыз болот:
Биринчи ЗАГСты кыркпай туруп, экинчисин алса болобу?