// //

“Трубамды” байлатсамбы дедим эле, климакс эрте башталат дегени чынбы?

2020.05.14, 11:27
1789

Саламатсызбы. Трубамды байлатсамбы дедим эле. Кийин гормоналдык бузулуу болбойбу? Климакс эрте башталат дегени чынбы?

Бул сайтка чыккан маалыматтын бардыгы Bilesinbi.kg сайтынын менчиги болуп саналат. Сайтка чыккан маалыматты гиппер шилтемесиз колдонууга тыюу салынат.
Эксперттин жообу
14.05.2020, 11:29

Светлана Коздрович

Гинеколог-эндокринолог

Саламатчылык. Жатын түтүктөрүн буудуруу процесси -  тубоэктомия, деп аталат. Бул аялды стерилизациялоо ыкмасы. Жатын түтүгү аялдын жумуртка клеткасынын эркектин уругу менен жолугушуусуна шарт түзөт. Ал  алынганда, экөөнүн жолугуушусуна блок коюлат.

Жатын түтүгү андан башка эч кандай функцияны аткарбайт, ошондуктан аялдын сексуалдык жашоосуна, менструалдык циклине эч кандай таасирин тийгизбейт. Бул процедурадан кийин да кадимки жашоосун уланта берет, болгону эч качан кош бойлуу боло албайт.

Стерилизация жасалгандан кийин жатын түтүктөрүнүн функциясын кайра калыбына келтирген болбойт. Ошону эске алып коюуңуз.

Ден соолукта болуңуз!

Гинеколог-эндокринолог Светлана Коздровичти  инстаграмдагы  @arzclinic баракчасы аркылуу тапсаңыз болот.

Башкы беттеги сүрөт интернеттен алынды.

Бул жерден гинекологдун башка суроолорго жоопторун окусаңыз болот:

Кош бойлуумун аз-аздан кан кетип жатат. Коркунучу жокпу? Гинекологдун жообу

Жатыным эки ача экен, бойго бүтүүгө тоскоолдук болбойбу? Гинеколог жооп берет

18 жашымда дары менен бодйон түшүргөм, эми төрөй албаганым ошондонбу?

0
Пайдалуу жооп
Анонимдүү колдонуучунун суроосу модератор текшергенден кийин гана сайтка жайгаштырылат. Эгер сиздин сурооңуз тез жайгашсын десеңиз анда биздин социалдык түйүндөрдүн бирине катталыңыз.
Ɵзүн туура алып жүрүү
биздин сайтта:
сөгүнгөн сөздөрдү жазганга болбойт
суроолорду ким жазса, ага карата мазактаган, шылдыңдаган сөздөрдү жазууга болбой
кимдир бирөөлөрдү коркутуп үркүтүү, же жекеме-жеке сүйлөшүүгө чакырууга болбойт
дискусиянын катышуучуларынын кадыр баркына шек келтирүүгө, басынтууга болбойт
КР нын мыйзамына каршы келген жоопторду чыгарууга болбойт
жоопторду транслитке чыгарууга болбойт
жоопторду башкы тамгалар менен бөлүп чыгарууга болбойт
адамдардын тутунган динине, улутуна асылган, басынткан сөздөрдү жазып чыгарууга болбойт
бир эле суроого ар кайсы ник менен жазууга болбойт
ник менен сөгүнүп сагынган сөздөрдү жазууга болбойт
суроого тиешеси жок жоопторду жазууга болбойт