// //

Аборт жасаткам. Эне болуу статусуна ээ боло аламынбы? Гинекологдун жообу

2020.05.08, 11:37
1501

Саламатсызбы. Мен 27 жаштамын. 2-3 жыл мурун, белгилүү бир себептерге байланыштуу дары менен боюмдан түшүргөм. Кан көп кетип, тазалатып, гормоналдык дары ичип кыйналгам. Бирок аягына чейин дарыланган эмесмин.

Азыр табарсыгым бат-баттан ооруп, ылдый тартат. Улам заара кыла берем.

Азыр дарылансам, кеч эмеспи? Эне болуу статусуна ээ боло аламынбы?

Бул сайтка чыккан маалыматтын бардыгы Bilesinbi.kg сайтынын менчиги болуп саналат. Сайтка чыккан маалыматты гиппер шилтемесиз колдонууга тыюу салынат.
Эксперттин жообу
08.05.2020, 11:38

Светлана Коздрович

Гинеколог-эндокринолог

Саламатчылык. Ден соолуукта көйгөй жаралып жатканда дарылансамбы же жокпу деп ойлонуп, акыл калчап отурбай доктурга кайрылуу зарыл.

Бул жакта башкы маселе, сиз эне боло аласызбы же жокпу дегенде эмес. Мындан аркы жашооңуздун сапаты кандай болот, мына ошондо.

Эгер кош бойлуулукту токтотуу процесси бардык шарттарды жана эрежелерди сактоо менен ишке ашырылса, андан кийин да сиз доктурдун рекомендацияларынын бардыгын сактасаңыз, тукумсуздук диагнозунун коюлушу күмөн. Ага башка да көрсөткүчтөр себепкер болушу мүмкүн.

Өзүңдүн сурооңузга так жооп алуу үчүн өнөктөшүңүз менен бирге медициналык текшерүүдөн өтүп, башка факторлорду жокко чыгаруу керек. Азыркы симптомдордун да себебин аныктап тезирээк дарыланыңыз.

Ден соолукта болуңуз!

Гинеколог-эндокринолог Светлана Коздровичти  инстаграмдагы  @arzclinic баракчасы аркылуу тапсаңыз болот.

Башкы беттеги сүрөт интернеттен алынды.

Бул жерден гинекологдун башка суроолорго жоопторун окусаңыз болот:

Кош бойлуумун аз-аздан кан кетип жатат. Коркунучу жокпу? Гинекологдун жообу

Жатыным эки ача экен, бойго бүтүүгө тоскоолдук болбойбу? Гинеколог жооп берет

18 жашымда дары менен бодйон түшүргөм, эми төрөй албаганым ошондонбу?

0
Пайдалуу жооп
Анонимдүү колдонуучунун суроосу модератор текшергенден кийин гана сайтка жайгаштырылат. Эгер сиздин сурооңуз тез жайгашсын десеңиз анда биздин социалдык түйүндөрдүн бирине катталыңыз.
Ɵзүн туура алып жүрүү
биздин сайтта:
сөгүнгөн сөздөрдү жазганга болбойт
суроолорду ким жазса, ага карата мазактаган, шылдыңдаган сөздөрдү жазууга болбой
кимдир бирөөлөрдү коркутуп үркүтүү, же жекеме-жеке сүйлөшүүгө чакырууга болбойт
дискусиянын катышуучуларынын кадыр баркына шек келтирүүгө, басынтууга болбойт
КР нын мыйзамына каршы келген жоопторду чыгарууга болбойт
жоопторду транслитке чыгарууга болбойт
жоопторду башкы тамгалар менен бөлүп чыгарууга болбойт
адамдардын тутунган динине, улутуна асылган, басынткан сөздөрдү жазып чыгарууга болбойт
бир эле суроого ар кайсы ник менен жазууга болбойт
ник менен сөгүнүп сагынган сөздөрдү жазууга болбойт
суроого тиешеси жок жоопторду жазууга болбойт