Ата-энем медицинага окуткусу келет. Бирок өзүмдү врач айым катары көрө албайм
Кутман кеч! Мүмкүн болсо, менин суроомо жооп берип коесузбу? Мектеп окуучусумун, бир жылдан кийин бүтүрүүчү болом. Так илимдерге көп кызыкпайм, аракет кылып, көрдүм, бирок эч кандай жыйынтык чыккан жок. Мага адабият, тарых сабактары жагат, адамдар менен тез тил табышам, менден улуулар деле кеңеш сурашат. Сени эч ким 16дагы кыз деп айтпайт деп, таң калышат.
Мага кесип тандоого жардам бересиңерби? Ата-энем медицина жагына окуткусу келет. Бирок, өзүмдү врач айым катары көрө албайм. Кайсы кесипти тандасам?
Гульнур Жайнакова
Ала-Тоо Эл аралык университетинин орто кесиптик билим берүү бөлүмүнүн директору
Азамат кыз экенсиз! Кесипти тандаш үчүн ар дайым өзүңдүн жөндөмдөрүңдү билүү керек. Ата-эне баланын да оюн, каалоосун эске алганы жакшы. Өзүң каалаган жана ырахат алган кесиптин ээси болуу - бул бакыт.
Сиз гуманитардык багытта талантыңыз бар окшойт. Сизге психология, журналистика, педагогика багыттарын тандоону сунуштамакмын.
Ийгилик!
Башкы беттеги сүрөт интернеттен алынды.
Кесип тандоо боюнча кошумча маалыматты бул жактан окусаңыз болот:
Кесип ээси: Жаңыздан иштеп баштаган программист стажер 300$ айлык алат
Психолог болгум келет, ал кесиптин келечеги барбы? Психолог жооп берет