Кесип ээси: Жаңыдан иштеп баштаган программист-стажер 300 $ айлык алат
Програмисттер Айнура Сагын програмист кесиби тууралуу Bilesinbi.kg сайтына айтып беришти.
Кантип программист болуп калдыңыз?
Мен мектептен кийин дароо, компьютердик инженерияга тапшырган эмесмин. Алгач тамак аш инженериясына өткөм. Бир жылдан кийин экзамен тапшырып, компьютердик инженериянын бюджеттик бөлүмүнө которулгам.
Кыргызстанда программистерге жумуш барбы?
Жумуш албетте бар, абдан көп. IT тармагындагы адистерге болгон талап дүйнө жүзү боюнча, анын ичинде Кыргызстанда да жогору. Себеби, технологиялар күн санап эмес, мүнөт сайын, секунд сайын өнүгүп келет. Күндө жаңы IT компаниялар ачылып жатат. Бул кесипти тандасаңар ишсиз калам деп эч кам санабаңыз.
Башка кесиптерден айырмасы эмнеде?
Программалоонун башка кесиптерден негизги айырмасы жана артыкчылыгы, Кыргызстанда локалдуу туруп деле, башка бир нече мамлекеттер менен глобалдуу иштей берсе болот. Сөзсүз чет өлкөгө кетүүнүн зарылчылыгы жок.
Анан программалоого кандай болбосун жаш курактан баштап үйрөнүп, квалификацияңды өзгөртсөң болот. Мисалы бакалаврды башка адистикте бизнес, экономика же чет тилдер боюнча бүтүрүп, кийин узак мөөнөттөгү курстарга, кыска мөөнөттөгү курстарга, он-лайн курстарга жазылып, IT тармагына өткөндөр көп.
IT индустрия медицинага окшош. Мисалы медиктер да ич ара көп адистиктерге бөлүнүшөт: гинеколог, педиатр, хирург, онколог ж.б.
Програмисттер: мобилдик тиркемелерди иштеп чыгуучулар, веб сайттарды жасоочулар, системщиктер, дата инженеринг, жасалма интеллекти иштеп чыккандар ж.б.
Келечекте программист болом дегендерге кандай кеңеш бересиз?
Доктур болом дегендер химия, биологияга басым жасашат эмеспи. Болочок программисттер математика, физика, англис тили жана логика сабактарына көбүрөөк көңүл бөлүшү зарыл. IT тармагында иштегиси келгендер чыдамкай жана өжөр болушу керек.
Кыргызстанда программистер орто эсеп менен канча айлык алышат?
Программисттин айлыгы көп нерседен көз каранды. Кандай компанияда иштейсиң, иш тажрыйбаң канча, жеке сапаттарың, ж.б. Мисалы жаңыдан баштагандар айына 300 $ табышса, мыктылары 2000-3000 $ алышат. Бул Кыргызстан боюнча. Ал эми чет элдик компаниялар менен иштешсең маяна андан да жогору болот.