// //

Психолог болгум келет, ал кесиптин келечеги барбы? Психолог жооп берет

2019.06.25, 10:11
5453

Келечекте психолог болгум келет. Кандай сапаттарга ээ болушум керек? Кийин кайсы жерге жумушка орношо алам. Кыргызстанда психологдордун келечеги барбы?

Бул сайтка чыккан маалыматтын бардыгы Bilesinbi.kg сайтынын менчиги болуп саналат. Сайтка чыккан маалыматты гиппер шилтемесиз колдонууга тыюу салынат.
Эксперттин жообу
25.06.2019, 10:14

Карлыгаш Акимкулова

“Psihoanaliz.kg” психотерапия борборунун адиси, психотерапевт

Психолог бул татаал, бирок абдан кызыктуу кесип. Психологдун билими мыкты болуп, өз кесибинин жогорку адиси болуш керек.

Ошондой эле бул кесипти аркалаган киши өзү да психологиялык жактан дени сак болуп, ички дүйнөсүн таанып, алгач өз көйгөйлөрүн чечип алууга тийиш. Андан кийин гана башка адамдарга жардам берип, жан дүйнөсүн айыктыра алат.

Психолог ар дайым жаңы билимге, адамдар менен баарлашууга жана чыгармачылыкка умтулушу керек. Чыдамкай, баамчыл, байкагыч, башка адамды уга жана сезе билүүсү маанилүү.

Кыргызстанда психолог кесиби популярдуу жана суроо талап жогору болуп баштады. Психологдун жардамына муктаж экенин түшүнгөн адамдардын саны улам көбөйүп келет. Өзгөчө кыргыз тилдүү психологдор дефицитте.

Психолог балдар жана чоңдор менен иш алып бара алат. Бакчаларда, мектептерде, атайын мекемелерде, кризистик борборлордо, ооруканаларда иштешет. Ошондой эле менеджментте, жана кадр бөлүмүндо да иштей алышат. Мол тажрыйба чогулткандан кийин жеке кабинет ачып алса болот.

Жаңыдан баштаган психологдун айлык акысы чоң эмес. Болжол менен 5000 сомдон башталат. Бирок, жакшы билим алып, көп тажрыйба топтосоңуз, сиздин эмгегиңиз үчүн жакшы акча төлөнөт.

Ийгилик!

 

Psihoanaliz.kg борбору Bilesinbi.kg’нин окурмандарына 20% арзандатуу берет. Психологго кайрылгыңыз келсе 0702 32 22 22 телефону аркылуу консультацияга жазылсаңыз болот.

 
 
0
Пайдалуу жооп
Анонимдүү колдонуучунун суроосу модератор текшергенден кийин гана сайтка жайгаштырылат. Эгер сиздин сурооңуз тез жайгашсын десеңиз анда биздин социалдык түйүндөрдүн бирине катталыңыз.
Ɵзүн туура алып жүрүү
биздин сайтта:
сөгүнгөн сөздөрдү жазганга болбойт
суроолорду ким жазса, ага карата мазактаган, шылдыңдаган сөздөрдү жазууга болбой
кимдир бирөөлөрдү коркутуп үркүтүү, же жекеме-жеке сүйлөшүүгө чакырууга болбойт
дискусиянын катышуучуларынын кадыр баркына шек келтирүүгө, басынтууга болбойт
КР нын мыйзамына каршы келген жоопторду чыгарууга болбойт
жоопторду транслитке чыгарууга болбойт
жоопторду башкы тамгалар менен бөлүп чыгарууга болбойт
адамдардын тутунган динине, улутуна асылган, басынткан сөздөрдү жазып чыгарууга болбойт
бир эле суроого ар кайсы ник менен жазууга болбойт
ник менен сөгүнүп сагынган сөздөрдү жазууга болбойт
суроого тиешеси жок жоопторду жазууга болбойт