Кызым басканда бутун кыйшыйтып басат. Коркунучу жокпу? Педиатр жооп берет
Кызым 2 жаш 9 ай болду. Басканда буту ичине кирип, кыйшыйып калат. Сегиз ай болгондо ортопедке көргөзүп, рентгенге тарттырганбыз - дисплазия тазабедренных суставов, деп айткан.
Андан бери дарылай албай койдук. Эми эмне кылышты билбей жүрөм. Көргөн сайын жүрөгүм ооруйт. Үйдөгүлөргө айтсам, “койчу ай, жакшы эле басып жүрөт” дей беришет.
Нуржамал Жаанбаева
Педиатр
Жамбаш сөөгүнөн сан муунунун чыгып кетиши (дисплазия тазабедренного сустава) – бул сан муунуну тубаса кемтиги. Бала курсакта болгондө же төрөт учурунда чыгып кетет.
Мындай диагноз коюлганда алгачкы айларда эле дарылоо зарыл. Ага кайдыгерлик мамиле кылуу кийин көптөгөн кыйынчылыктарга алып келет. Баланын басканы туура эмес болот, улам өскөн сайын салмак кошуп, бутуна күч келтирет. Скелети, сөөк түзүлүшү өзгөрүп, майып болуп калуу коркунучу өтө жогору.
Эртерээк балдар ортопедине көрсөткүлө. Мен Бишкектеги 3чү балдар ооруканасында иштеген, мыкты адисти сунуштай алам – Наманов Азиз Аскатович. Редакцияга кайрылып, ортопеддин телефон номерин алсаңар болот.
Кызыңыздын ден соолугуна жоопкерчиликтүү мамиле жасагыла!
Башкы беттеги сүрөт интернеттен алынды.
Баланын ден соолугу боюнча бул жактан да окусаңыз болот:
Кызымдын кулагын тазалап жатып оорутуп алдым. Эмне кылышым керек?
Беш айлык кызым көп тердейт, коркунучу жокпу? Педиатр жооп берет
Педиатр баламдын тили кыска экен кестир деди, бул коркунучтуу эмеспи?