Беш айлык кызым көп тердейт, коркунучу жокпу? Педиатр жооп берет
2020.05.04, 12:51
2184
Саламатсызбы. Кеңеш алайын дедим эле. Беш айлык кызымдын башы тердей берет. Эмгенин улам кусуп салат. УЗИге түшүргөнбүз, эч кандай көйгөй жок, деп айтышкан.
Баланын ден соолугуна коркунучу жокпу?
Бул сайтка чыккан маалыматтын бардыгы Bilesinbi.kg сайтынын менчиги болуп саналат. Сайтка чыккан маалыматты гиппер шилтемесиз колдонууга тыюу салынат.
Эксперттин жообу
04.05.2020, 13:01
Нуржамал Жаанбаева
Педиатр
Саламатчылык. Баланын терчил болушу итий (рахит)оорусуна байланыштуу болушу мүмкүн. Мындайда башына кыйма түшүп, чачы жок болушу мүмкүн.
Кызыңызды сөзсүз педиатрга көрсөтүңүз, ал D витаминин бир курс кылып жазып берет. Андан тышкары көбүрөөк сыртка чыгарып, же үйдөн 2-3 мүнөттөн күн нуруна кактап туруңуз.
Улам куса бергени боюнча неврологдон консультация алуу зарыл.
Кызыңыз ден соолукта болсун!
Башкы беттеги сүрөт интернеттен алынды.
0
Пайдалуу жооп