// //

Педиатр баламдын тили кыска экен кестир деди, бул коркунучтуу эмеспи?

2020.02.18, 09:51
1905

Балам 5 айлык. Педиатр тилин көрүп, кыска экен, кийин кекечтенип сүйлөп калат, кестир, деп айтты. Бул коркунучтуу эмеспи?

Бул сайтка чыккан маалыматтын бардыгы Bilesinbi.kg сайтынын менчиги болуп саналат. Сайтка чыккан маалыматты гиппер шилтемесиз колдонууга тыюу салынат.
Эксперттин жообу
18.02.2020, 09:56

Нуржамал Жаанбаева

Педиатр

Саламатчылык. Мындай паталогия балдарды көп эле кездешет, өзгөчө эркек балдарда.

Тилинин кыска болушу, келечекте анын речининин калыптануусуна жана кекечтенүүсүнө эч кандай таасирин тийгизбейт. Анткени кекечтенүү көпчүлүк учурда психологиялык жабыркоодон улам келип чыгат. Мисалы катуу коркуп же чоочуп калуудан, басынтуудан ж.б. Ал эми тилдин кыскалыгы айрым тамгаларды же тыбыштарды туура айтуусуна тоскоолдук жаратышы мүмкүн.

Тилдин кыскалыгы, негизинен наристенин эмчек эмүүсүнө ыңгайсыз. Анткени тили кыска болуп, таңдайына жетпейт. Жакшы эме албай кыйналат. Башка балдарга салыштырмалуу көбүрөөк энергия коротуп, тердеп, бат эле чарчап калат. Курсагы тойбойт.

Камсанабаңыз, бул процедура коркунучтуу эмес. Хирурга кайрылсаңыз бат эле кесип берет.

Балаңыз ден соолукта болсун!

0
Пайдалуу жооп
Анонимдүү колдонуучунун суроосу модератор текшергенден кийин гана сайтка жайгаштырылат. Эгер сиздин сурооңуз тез жайгашсын десеңиз анда биздин социалдык түйүндөрдүн бирине катталыңыз.
Ɵзүн туура алып жүрүү
биздин сайтта:
сөгүнгөн сөздөрдү жазганга болбойт
суроолорду ким жазса, ага карата мазактаган, шылдыңдаган сөздөрдү жазууга болбой
кимдир бирөөлөрдү коркутуп үркүтүү, же жекеме-жеке сүйлөшүүгө чакырууга болбойт
дискусиянын катышуучуларынын кадыр баркына шек келтирүүгө, басынтууга болбойт
КР нын мыйзамына каршы келген жоопторду чыгарууга болбойт
жоопторду транслитке чыгарууга болбойт
жоопторду башкы тамгалар менен бөлүп чыгарууга болбойт
адамдардын тутунган динине, улутуна асылган, басынткан сөздөрдү жазып чыгарууга болбойт
бир эле суроого ар кайсы ник менен жазууга болбойт
ник менен сөгүнүп сагынган сөздөрдү жазууга болбойт
суроого тиешеси жок жоопторду жазууга болбойт