// //

Мага коюлган диагнозго түшүнгөн жокмун, айтып бериңизчи? Гинеколог жооп берет

2020.04.29, 14:13
4017

Саламатсызбы. Гинекологго көрүнгөм менден “мазок” алып, “ХР.метроэндометрит в ст. неполной  ремиссии.  Аденомиоз тела матки.  Эндоцервицит.   Наботова киста шейки матки. Кольпит”  - деген диагноз койду. Диагнозума жакшы түшүнгөн жокмун. Түшүндүрүп бериңизчи? Коркунучтуу эмеспи?

Бул сайтка чыккан маалыматтын бардыгы Bilesinbi.kg сайтынын менчиги болуп саналат. Сайтка чыккан маалыматты гиппер шилтемесиз колдонууга тыюу салынат.
Эксперттин жообу
29.04.2020, 14:17

Светлана Коздрович

Гинеколог-эндокринолог

Саламатчылык. Гинекологго көрүнүп жаткан соң, ден соолугуңузга, диагнозуңузга тиешелүү суроолордун бардыгын доктурдун өзүнөн сурап, билип алуу керек. Ал сизге түшүндүрүп, консультация берүүгө милдеттүү.

Жазгандарыңызга караганда сизде жатында жана жатын моюнчасында сезгенүү бар. Андан тышкары аденомиоз деп турат, бул жатындагы залалсыз шишик. Ал аялдын репродуктивдүү функциясына таасирин тийгизип, төмөндөгү симптомдордун пайда болуусуна алып келет.

  • этек кири келгенде ооруксунуу;
  • жыныстык катнаш учурунда орутуу;
  • күрөң түстөгү бөлүнүүлөр (выделения) ж.б.

Бул гормоналдык оору, аны толугу менен айыктыруу мүмкүн эмес. Бирок гормоналдык терапия алып, анын өнүгүүсүн токтотсо болот.

Наботовы кисты көпчүлүк аялдарда кездешет, жана аны дарылоонун зарылчылыгы жок.

Ден соолукта болуңуз.

Гинеколог-эндокринолог Светлана Коздровичти  инстаграмдагы  @arzclinic баракчасы аркылуу тапсаңыз болот.

Башкы беттеги сүрөт интернеттен алынды.

Бул жерден гинекологдун башка суроолорго жоопторун окусаңыз болот:

Кош бойлуумун аз-аздан кан кетип жатат. Коркунучу жокпу? Гинекологдун жообу

Жатыным эки ача экен, бойго бүтүүгө тоскоолдук болбойбу? Гинеколог жооп берет

18 жашымда дары менен бодйон түшүргөм, эми төрөй албаганым ошондонбу?

0
Пайдалуу жооп
Анонимдүү колдонуучунун суроосу модератор текшергенден кийин гана сайтка жайгаштырылат. Эгер сиздин сурооңуз тез жайгашсын десеңиз анда биздин социалдык түйүндөрдүн бирине катталыңыз.
Ɵзүн туура алып жүрүү
биздин сайтта:
сөгүнгөн сөздөрдү жазганга болбойт
суроолорду ким жазса, ага карата мазактаган, шылдыңдаган сөздөрдү жазууга болбой
кимдир бирөөлөрдү коркутуп үркүтүү, же жекеме-жеке сүйлөшүүгө чакырууга болбойт
дискусиянын катышуучуларынын кадыр баркына шек келтирүүгө, басынтууга болбойт
КР нын мыйзамына каршы келген жоопторду чыгарууга болбойт
жоопторду транслитке чыгарууга болбойт
жоопторду башкы тамгалар менен бөлүп чыгарууга болбойт
адамдардын тутунган динине, улутуна асылган, басынткан сөздөрдү жазып чыгарууга болбойт
бир эле суроого ар кайсы ник менен жазууга болбойт
ник менен сөгүнүп сагынган сөздөрдү жазууга болбойт
суроого тиешеси жок жоопторду жазууга болбойт