Сегиз жаштагы кызымда “выделение” келип жатат. Бул нормалдуубу?
Саламатсызбы. Менин сегиз жаштагы кызымда “выделение” келип жатат. Эмнеге мындай болушу мүмкүн? Коркунучу жокпу?
Светлана Коздрович
Гинеколог-эндокринолог
Саламатчылык. Кичинекей кыздарда “выделение” пайда болгону сейрек учурда гана анын жыныс органдарынын оорусуна байланыштуу болот. Көпчүлүк учурда бул башка органдардагы же системалардагы көйгөй.
Мисалы: ашказан жана жоон ичеги системасындагы оорулар, дем алуу системасындагы көйгөйлөр, заара бөлүп чыгуу органдарынын сезгенүүсү ж.б.
Андан тышкары бул богок безинин иштөөсүндөгү бузулууларга жана организмдеги мите курттарга да байланышы бар.
Так себебин аныктоо үчүн алгач балдар гинекологуна кайрылыңыз, андан орток адистиктеги доктурларга да көрүнсөңүз болот. Мындай көрүнүшкө кайдыгер мамиле кылган болбойт. Сөзсүз доктурга кайрылып, кызыңызды дарылаңыз.
Ден соолукта болуңуз!
Гинеколог-эндокринолог Светлана Коздровичти инстаграмдагы @arzclinic баракчасы аркылуу тапсаңыз болот.
Башкы беттеги сүрөт интернеттен алынды.
Бул жерден гинекологдун башка суроолорго жоопторун окусаңыз болот:
Кош бойлуумун аз-аздан кан кетип жатат. Коркунучу жокпу? Гинекологдун жообу
Жатыным эки ача экен, бойго бүтүүгө тоскоолдук болбойбу? Гинеколог жооп берет
18 жашымда дары менен бодйон түшүргөм, эми төрөй албаганым ошондонбу?