Кошулганда күйөөм бир нерсе кысып жатат дей берет. Эмнеден мындай болушу мүмкүн?
Саламатсызбы. Турмушка чыкканыма бир жыл болуп калды. Балалуу боло элекпиз. Кошулганда күйөөм ичинен бир нерсе кысып жатат деп айтат. Бул эмнеден болушу мүмкүн? Суроом өтө ачык болсо кечирим сурайм.
Наталья Ивахник
Сексолог
Саламатчылык. Сиздин сурооңузда уяла турган эч нерсе жок, бул табигый суроо.
Мунун себептери түрдүү болушу мүмкүн. Мисалы жатынга салынуучу спираль туура эмес орнотулуп калган, же болбосо аялдагы вагинизм.
Вагинизм – бул сексуалдык жашоодогу психологиялык кыйынчылыктар, жыныстык катнаш учурундагы оорутуу жана жамбаш сөөк булчуңдарынын карышып калышы. Булчуңдардын жыйрылып кайра жазылуусун аял киши контролдой албайт. Натыйжасында, жуптардын кошулуусу мүмкүн болбой калат.
Сиздин сурооңузга толук кандуу жооп алуу үчүн урологго да кайрылып консультация алуу зарыл.
Уролог кошулуу учурунда жолдошуңуздун жыныстык мүчөсүн кысууга алып келген органикалык себептердин бар же жогун аныкташы керек. Эгер ал патология бар экенин аныктаса, анда жолдошуңуз уролог дайындаган дарылоодон толугу менен өтүүгө тийиш.
Эгер урологиялык жактан бардыгы жайында болсо, анда психотерапевтке кайрылуу зарыл.
Сексолог Наталья Ивахник менен инстаграмдагы @pro0kosmos баракчасы аркылуу байланышсаңыз болот.
Башкы беттеги сүрөт интернеттен алынды.
Бул жерден жыныстык катнаш тууралуу башка материалдарды окусаңыз болот:
Канча жаштан баштап жыныстык катнашка барса болот? Сексолог айтып берет
Төрөттөн кийин аял кумар албай калышы мүмкүнбү? Сексолог жооп берет
Мен аялымдын канып калганын кантип түшүнөм? Сексолог жооп берет
Күйөөм менен кошулганда оорутат, эмне кылсам болот? Сексолог айтып берет