Уреплазма деген инфекция менен кош бойлуу болуп калдым, балага зыян эмеспи?
Саламатсызбы. Менде ПЦР Ureaplasma деген инфекция бар экен. Ошону менен кош бойлуу болуп калдым. Балага заяны жокпу?
Светлана Коздрович
Гинеколог-эндокринолог
Саламатчылык. Бул жакта негизгиси уреплазманын аныкталгандыгы эмес, ал сиздин организмиде канча көлөмдө бар, ошол мааинлүү.
Уреплазма бул микроорганизмдердин айынан пайда болгон инфекция. Ал жыныстык катнаш аркылуу жугат.
Негизи, уреплазма бардык аялдарда бар. Бир гана айырмасы анын саны. Дени сак келиндерде аз санда болот, жана эч кандай коркунуч туудурбайт.
Ал эми нормадан ашык болуп кеткенде жыныстык органдардын флорасын бузуп, сезгенүү процесстердин пайда болуусуна себепкер болот. Мындайда, сөзсүз дарылануу зарыл.
Адатта, кош бойлуулуктун биринчи жумаларында аял ичип жаткан дарылар түйүлдүккө жетпейт, ошондуктан баланын ден соолугуна таасирин тийгизбейт.
Кош бойлуулуктун акыркы мөөнөтүндө бардык препараттар хорион аркылуу балага жетет, анда тобокелдикке барууга туура келет.
Аялдын боюнда бар болгон учурда да уреплазманы дарылашат, бирок дарылоо кош бойлууларга ичүүгө уруксат берилген препараттар менен гана жүргүзүлөт.
Аман-эсен көз жарып алыңыз.
Гинеколог-эндокринолог Светлана Коздровичти инстаграмдагы @arzclinic баракчасы аркылуу тапсаңыз болот.
Башкы беттеги сүрөт интернеттен алынды.
Бул жерден гинекологдун башка суроолорго жоопторун окусаңыз болот:
Кош бойлуумун аз-аздан кан кетип жатат. Коркунучу жокпу? Гинекологдун жообу
Жатыным эки ача экен, бойго бүтүүгө тоскоолдук болбойбу? Гинеколог жооп берет
18 жашымда дары менен бодйон түшүргөм, эми төрөй албаганым ошондонбу?