Жеңем “тур, жигитиң менен жазыша бер” деп жанына жолотпойт
Bilesinbi.kg жаштар долбоору ар бир келген суроолордун анонимдүүлүгүн сактап, тиешелүү адистерден бекер жооп алып берип келет.
"Жеңеме бүт сырымды айтам"
“Апей, уктай бербейсиңби, эмне эрте туруп алдың”, “өзүм жасайм, ордуна коюп кой”, “тур, мага тоскоол болбой жигитиң менен жазыша бер” ж.б. Жеңем үйүбүзгө келин болуп келгенден бери, жашоо жыргал. Мурда байкем кыйнап тамак жасатып, кийимдерине чейин жуудурат эле. Азыр ханбийкенин эле өзүмүн. Апам менен атам болсо, “кызыбызды буздуң”,- деп жеңеме тамашалап калышат.
- Жеңе.
- Ии.
- Эмнеге мага жумуш бербейсиз.
- Ой, кийин мага окшоп келин болгондо деле жетишесиң. Азыр жыргап, ойноп күлүп жүрө бер.
Жеңем менин эң мыкты “напарнигим”. Жолугушууга же отурушка кетсем “уктап жатат” деп апамдардан жашырып коет. Түндө келип жеңеме чалам. Ал акырын терезени ачат, анан шап эле кирип кетем. Экөөбүз кылбаган нерселер калган жок.
Бир-эки жумалап төркүнүнө кеткенде кадимкидей сагынам. Көңүлүм чөгүп, тамакка болгон табитим жоголот.
Апам менен ачык сүйлөшө албайм. Эми айтайын дегеним, этек кириме байланыштуу көйгөйлөрдү, жактырган жигиттеримди айткандан уялам. Ал эми жеңемен тартынбайм. Болгонун болгондой айтам. Ал кеңеш берет, бирок ар дайым “чечимди өзүң чыгарасың”,- дейт. Баса, артымын чуркаган жигиттер дагы номеримди жеңемден сурашат. Кээ бирөөнө берсе, “жакшы эмес окшойт” деп айрымдарына бербей коет.
Сабактан келип эле “жеңем кайда” деп сурайм. Тамак жасап жатса жанына барып божурап отура берем. Жеңемдин колу да жөндөмдүү. Ары-бери эле юбка, көйнөк тиге салат. Конкурстардан грамота же кубок утуп келсем, менден ашып сүйүнүп, кошуна эжелерге чейин мактанат.
Кыскасы, жеңем келгенден бери үйүбүздөгү маанай өзгөрдү. Сырттан кирип келатсаң, каткырык-күлкүлөр угулуп, даамдуу тамактардын жыты жыттанат. Байкем дагы мурдагыдай орой эмес. Үйгө кол кабыш кылып, мени эркелетип калды. Мунун баары үчүн жеңеме рахмат айткым келет.
Башкы беттеги илюстративдүү сүрөт.
Бул жерден башка кызыктуу макалаларды окусаңыз болот:
Кайын энемди көп сүйлөйт дешип жанына отургандан качышат
Эжем бай жерге турмушка чыккандан бери апам менен сүйлөшпөй калды
Кайын сиңдилүү болгондон коркуп, карындашы жок жигитке тием дечүмүн
Өч алгым келип жүргөн эски сүйгөнүмө арак көтөрүп келатып жолугуп калдым
Күйөөм кызыбызга сүйгөнүнүн атын койгонун кайын эжемден уктум