// //

Бойдон алдыргандан кийин канча убакыт сактануу керек? Гинекологдун жообу

2020.04.23, 12:16
4662

Саламатсызбы. Жакында эле боюма бүтүп, бир ай болгондо өспөй калыптыр. Доктурга кайрылып, тазалаткам. Эми алты ай боюңда болбой туруш керек деп дары жазып берди. Чынында ошончо күтүшүм керекпи? Ошолордун ден соолукка тийгизген таасири кандай? Толуп кетпейминби?

Бул сайтка чыккан маалыматтын бардыгы Bilesinbi.kg сайтынын менчиги болуп саналат. Сайтка чыккан маалыматты гиппер шилтемесиз колдонууга тыюу салынат.
Эксперттин жообу
23.04.2020, 12:18

Светлана Коздрович

Гинеколог-эндокринолог

Саламатсызбы. Эгер кош бойлуулукка даярданып, бардык процедуралардан өткөн болсоңуз, анализдериңиз жакшы чыккан болсо, кош бойлуулукту өзүңүзгө ыңгайлуу учурда пландаштыра берсеңиз болот.

Сизге жазылган дарыларды калтырбай, өз маалында ичиңиз. Бирок айкалышкан оралдык контрацептивдерди ичүүдөн мурун, сизди дарылап жаткан дарыгерден жакшылап консультация алыңыз. Ал сиздин организмдеги өзгөчөлүктөрдү эске алып, каршы көрсөтмөлөрү (толуп же арыктап кетүү, баш айлануу, циклдин бузулушу ж.б.) болбой тургандай кылып тандап берет.

Ден соолукта болуңуз.

Гинеколог-эндокринолог Светлана Коздровичти инстаграмдагы @arzclinic баракчасы аркылуу тапсаңыз болот.

Башкы беттеги сүрөт интернеттен алынды.

Бул жерден гинекологдун башка суроолорго жоопторун окусаңыз болот:

Кош бойлуумун аз-аздан кан кетип жатат. Коркунучу жокпу? Гинекологдун жообу

Жатыным эки ача экен, бойго бүтүүгө тоскоолдук болбойбу? Гинеколог жооп берет

18 жашымда дары менен бодйон түшүргөм, эми төрөй албаганым ошондонбу?

0
Пайдалуу жооп
Анонимдүү колдонуучунун суроосу модератор текшергенден кийин гана сайтка жайгаштырылат. Эгер сиздин сурооңуз тез жайгашсын десеңиз анда биздин социалдык түйүндөрдүн бирине катталыңыз.
Ɵзүн туура алып жүрүү
биздин сайтта:
сөгүнгөн сөздөрдү жазганга болбойт
суроолорду ким жазса, ага карата мазактаган, шылдыңдаган сөздөрдү жазууга болбой
кимдир бирөөлөрдү коркутуп үркүтүү, же жекеме-жеке сүйлөшүүгө чакырууга болбойт
дискусиянын катышуучуларынын кадыр баркына шек келтирүүгө, басынтууга болбойт
КР нын мыйзамына каршы келген жоопторду чыгарууга болбойт
жоопторду транслитке чыгарууга болбойт
жоопторду башкы тамгалар менен бөлүп чыгарууга болбойт
адамдардын тутунган динине, улутуна асылган, басынткан сөздөрдү жазып чыгарууга болбойт
бир эле суроого ар кайсы ник менен жазууга болбойт
ник менен сөгүнүп сагынган сөздөрдү жазууга болбойт
суроого тиешеси жок жоопторду жазууга болбойт