Ошо күндөн тартып жолдошум экөөбуз кошула элекпиз. "Угулат", - деп эч ынабайт
Турмушка чыкканыма эки жыл болот. Кудайга шүгүр, кайын журтум жакшы. Биз күйөөм, кайын энем, кайын эжемдин төрт баласы болуп турабыз. Жакында эле кайын энем төрт бала менен биз жаткан бөлмөнүн жанындагы бөлмөгө көчүп кирди. Эки бөлмөнүн терезелери бир, сүйлөшкөн сөздөрүбүз угулат.
Ошо күндөн тартып, күйөөм экөөбүз кошула элекпиз. Мен өзүм деле демилге көтөрүп чыксам, “угулат” – деп, эч ынабайт. Өзү түнт адам.
Эмне кылсам?
Наталья Ивахник
Сексолог
Саламатчылык. Сиздин сурооңузга бир беткей жооп же кеңеш жок. Анткени ар бир адам өзүнүн турмушуна тиешелүү чечимдерди өзү кабыл алышы керек.
Сиздин тарбияңыз жана улууларды сыйлаганыңыз, бул суроону көтөрүп чыгып, ачык чечүүгө жол бербей жатат. Менталитетибиз ар дайым улууларды сыйлап, кичипейил болууга үйрөтөт. Жеке каалоолорду канааттандыруу сынга алынат. Күйөөңүз да ошол позицины тандады. Демек, жолдошуңуз үчүн бул абдан маанилүү, ал эч качан бул көз карашынан кайтпайт.
Ар бир адамдын маданий, коомдук жашоосунан сырткары, индивидуалдуу, жеке анын ичинде сексуалдык жашоосу да бар. Бул бөлүк да маанилүү, анда пайда болгон көйгөйлөрдү да чечүү зарыл. Себеби бизге өмүр бир ирет гана берилет. Андыктан аны толук кандуу жашап өткөргүң келет.
Адамдын маданий жашоосу жана жеке жашоосу бирдей маанилүү. Сиз кайсынысын тандайсыз, өзүңүз гана чечесиз.
Ийгилик!
Сексолог Наталья Ивахник менен инстаграмдагы @pro0kosmos баракчасы аркылуу байланышсаңыз болот.
Башкы беттеги сүрөт интернеттен алынды.
Бул жерден жыныстык катнаш тууралуу башка материалдарды окусаңыз болот:
Канча жаштан баштап жыныстык катнашка барса болот? Сексолог айтып берет
Төрөттөн кийин аял кумар албай калышы мүмкүнбү? Сексолог жооп берет
Мен аялымдын канып калганын кантип түшүнөм? Сексолог жооп берет
Күйөөм менен кошулганда оорутат, эмне кылсам болот? Сексолог айтып берет