Күн тийгенде денем кызарып, кычыша баштайт. Эмне кылышым керек?
Саламатсызбы. Менин 5-6 жылдан берки көйгөйүм күн тийсе эле моюнум, колдорум, бетим кызарып, майда бүдүр болуп, кычышат. Жаз келгенден баштап эле ошондой. Күн суукта, жаан жааганда антпейт.
Себеби эмнеде? Эмне кылышым керек? Кайсы дарыгерге кайрылам?
Бакыт Курманалиева
Дерматолог
Саламатчылык. Жазында башталып, күн суукта жок болуп кетет, деп жазганыңызга караганда, күн нуруна аллергияңыз бар окшойт.
Менин сизге кеңешим, күн нурунан коргоочу крем менен колдонуңуз. Пахтадан тигилген, жеңи узун, ачык түстөгү кийимдерди кийиңиз. Себеби ачык түс күндүн нурун чагылдырат, ошонусу менен териңизге бир аз болсо да пайдасын тийгизет.
Анан бардык аллергиктерге берген кеңешти эле берем. Тамак ашыңызга көңүл буруңуз. Туздуу, таттуу, майлуу, куурулган тамактарды кескин азайтыңыз. Газдалган суусундуктардан жана спирт ичимдиктеринен дээрлик баш тартыңыз.
Денеңизди улам-улам суулабаңыз. Жуунганда атыр самын, гель эмес, “дегтярное мыло” дегенди колдонуңуз.
Эгер чыдатпай кычышып, териңиздин бир топ бөлүгү кызарып кетсе, дерматологго кайрылып, “капельница” алыңыз.
Ден соолукта болуңуз.
Бул жерден дагы окусаңыз болот:
Бетимдеги анарды кантип жок кылсам болот? Онкодерматолог жооп берет
Псориаз деген кандай оору? Дерматолог айтып берет
Таманым кесилип кургай берет, эмне кылышм керек? Дерматолог жооп берет