// //

Эрогендик зонаны кантип тапса болот? Сексолог айтып берет

2018.11.23, 13:07
11408

Эрогендик зона деген эмне? Аны кантип тапса болот? Ушул жана башка суроолорго Бишкектеги КММА медициналык борборунун сексологу Илья Комаровер жооп берет.

- Эрогендик зона деген эмне?

- Эрогендик зона – бул денедеги аймак, анын жардамы менен дүүлүктүрүп  (өбүү, кучактоо, сылоо, кытыгылоо) менен сексуалдык каалоону жаратса болот.  

Эрогендик зона ата-эне аркылуу укумдан - тукумга берилет. Мисалы, теринин кээ бир жеринин сезимталдуулугу жогору же төмөн болот. Эки кызды алалы. Бирөөсүнүн тизесин сыласаң эч нерсе сезбейт, экинчисине колуң тиер замат кумар тууралуу ойлоно баштайт.

Эрогендик зонасы тизесинин артында жайгашкан айым жардам сурап кайрылды. Кумар алгысы келгенде кармана албай, тытып, канатып жиберчү экен.

- Демек, эрогендик зонаны жандыруу үчүн сырткы таасир керек экен да?

- Туура. Ылайыктуу шартта, жакшынакай маанайда, көңүлгө жаккан адамыңыз сылап, өөп жатса сексуалдык каалоо ойгонот.

- Эрогендик зоналар жайгашкан негизги аймактарды айта кетсеңиз.

- Башында айтып өткөндөй эрогендик зоналардын жайгашуусу генден көз каранды. Ошентсе да, жалпы аймактар бар. Алар:

 

Кээ бирөөнүн эрогендик зонасы кулагынын учунда болот.

- Эрогендик зонасы жок адам болушу мүмкүнбү?

- Жок. Ар бир адамдын эрогендик зонасы болот. Белгилүү бир себептерден улам: тери жаракат алса, сезгенсе же нерв талчалары бузулса айтылуу зоналардын сезимталдуулугу төмөндөп калышы мүмкүн.  

Кабылдамага бир киши келди. Кичинесинде атасы кур менен жамбашына көп урчу экен. Убакыттын өтүшү менен жамбашынын сезимталдуулугу жоголуп кетиптир.

- Дененин тийиштүү “кнопкасын” табууга жардам берген жалпы кеңештер барбы?

- Эң жөнөкөй жолу – кайда жайгашканын өнөктөштүн өзүнөн суроо. Жакшысы, өз алдынча изилдөө. Эрогендик зона дененин түрдүү жеринде болушу мүмкүн. Ким издесе, сөзсүз табат.

Эркектер активдүү болуп, кызды кучактап, мойнун, төшүн өөп, сыласа кыз тезирээк ачылат.

Комаровер Илья Нухимович, психотерапевт, психиатр, сексопатолог

Кабылдама: +996 (312) 565 008

Дареги: Бишкек шаары, КММА медициналык борбору, Тыныстанов көчөсү, 1. 

Бул сайтка чыккан маалыматтын бардыгы Bilesinbi.kg сайтынын менчиги болуп саналат. Сайтка чыккан маалыматты гиппер шилтемесиз колдонууга тыюу салынат.
Анонимдүү колдонуучунун суроосу модератор текшергенден кийин гана сайтка жайгаштырылат. Эгер сиздин сурооңуз тез жайгашсын десеңиз анда биздин социалдык түйүндөрдүн бирине катталыңыз.
Ɵзүн туура алып жүрүү
биздин сайтта:
сөгүнгөн сөздөрдү жазганга болбойт
суроолорду ким жазса, ага карата мазактаган, шылдыңдаган сөздөрдү жазууга болбой
кимдир бирөөлөрдү коркутуп үркүтүү, же жекеме-жеке сүйлөшүүгө чакырууга болбойт
дискусиянын катышуучуларынын кадыр баркына шек келтирүүгө, басынтууга болбойт
КР нын мыйзамына каршы келген жоопторду чыгарууга болбойт
жоопторду транслитке чыгарууга болбойт
жоопторду башкы тамгалар менен бөлүп чыгарууга болбойт
адамдардын тутунган динине, улутуна асылган, басынткан сөздөрдү жазып чыгарууга болбойт
бир эле суроого ар кайсы ник менен жазууга болбойт
ник менен сөгүнүп сагынган сөздөрдү жазууга болбойт
суроого тиешеси жок жоопторду жазууга болбойт