Баш кошоордон мурун нике келишимин түзсөк болобу? Адвокат жооп берет
Саламатсызбы. Мен 23 жаштамын. Бир жылдан бери бир жигит менен сүйлөшүп жүрөм. Мага жасаган мамилеси, өзүн алып жүргөнү бардык жагынан жакшы. Азыр чет өлкөдө болгонум үчүн мамилебиз “на расстоянии”. Жакында колумду сурады, канча болсо да күтөм, деп убада берди.
Менде коркуу сезими бар. Мен үчүн туруктуулук жана айткан сөзүңө туруу өто маанилүү. Баш кошо турган болсок, бардык шарттарды жана талаптарды эске алып нике келишимин түзсөк болобу? Үй-бүлөдө кеткен каталарды алдын алуу үчүн?
Эркингүл Шаршенбекова
Адвокат
Саламатчылык. Албетте, нике келишимин түзүп, ага жубайлардын койгон шарттарын көрсөтүп, нотариус аркылуу күбөлөндүрүп туруп, жарандык абалды каттоо актысына (ЗАГСка) тиркеп койсоңор болот. Мындай келишим жубайлар ажыраша турган болсо, аларды материалдык коркунучтардан сактайт.
Бирок, ортодогу мамилеңердин бекемдигине кепилдик бербейт десем жаңылышпайм. Себеби, адамдык фактор ар дайым сакталат, эч бир келишим адамдын мүнөзүн өзгөртпөйт.
Бактылуу болуңуз!
Адвокат Эркингүл Шаршенбекованы инстаграмдагы @advokat_kg_erkingul баракчасы аркылуу тапсаңыз болот.
Башкы беттеги сүрөт иллюстративдүү.
Нике келишими жана мүлктү бөлүштүрүу тууралуу бул жерден окусаңыз болот:
Нике келишими: Кимге жана эмне үчун керек?
Ажырашуудан кийин мүлктү бөлүштүрүү. 10 суроого адвокаттын жообу
Атам бизден жашырып жүргөн баласына да мүлк калтыра алабы? Адвокаттын жообу