// //

Нике келишими: кимге жана эмне үчүн керек?

2018.06.26, 16:32
3768

Убагында түзүлгөн нике келишими ажырашуу учурунда мүлктүк укуктарга байланышкан көп маселелерди чечип, материалдык жоготууларды азайтат.  

Нике келишими деген эмне?

Нике келишими - жубайлардын никеге тургандагы жана (же) аны бузган учурдагы мүлктүк укуктарын жана милдеттерин аныктоочу жубайлардын же никеге туруп жаткан адамдардын макулдашуусу.

Нике келишимин кимдер түзө алат?

  • Никеге жаңы туруп жаткан адамдар
  • Жубайлар

Нике келишими качан күчүнө кирет?

Никеге чейин түзүлгөн келишим, нике расмий каттоодон өткөн учурда, нике каттоодон өткөндөн кийин түзүлгөн келишим, нотариалдык күбөлөндүрүүдөн кийин күчүнө кирет. Нотариалдык жактан ырастоо үчүн келишим түзгөн эки тараптын тең жеке катышуу талап кылынат.

Нике келишимдин шарттарын өзгөртүп же таптакыр жокко чыгарууга болобу?

Нике ЖААК (ЗАГС) же сот тарабынан жоюла элек болсо, нике келишимдин шарттарын эки тараптын макулдугу менен каалаган убакта өзгөртүүгө мүмкүн. Эгерде тараптардын бирөөсү макулдугун бербесе, келишим өзгөртүлбөйт. Нике токтотулган учурдан тартып нике келишими күчүн жоготот.

Нике келишимди жубайлар өздөрү эле түзүп койсо болобу?

Жубайлар өз ара нике келишимин түзүп, шарттарын жазса болот. Бирок сөзсүз түрдө  нотариуска барып күбөлөндүрүп, кол коюу керек. Нотариустан ырасталбаган келишимдин күчү жок.

Нике келишимин кимдер түзө албайт?

Эгерде жубайлардын бирөөсү кылган ишине юридикалык жол менен жооптуу болууга жөндөмсүз болсо (майып) анда нике келишими түзүлбөйт.

Нике келишими тууралуу кененирээк төмөнкү шилтемеден биле аласыздар:  https://www.youtube.com/watch?v=VGGKGv-jArc

 

 

Бул сайтка чыккан маалыматтын бардыгы Bilesinbi.kg сайтынын менчиги болуп саналат. Сайтка чыккан маалыматты гиппер шилтемесиз колдонууга тыюу салынат.
Анонимдүү колдонуучунун суроосу модератор текшергенден кийин гана сайтка жайгаштырылат. Эгер сиздин сурооңуз тез жайгашсын десеңиз анда биздин социалдык түйүндөрдүн бирине катталыңыз.
Ɵзүн туура алып жүрүү
биздин сайтта:
сөгүнгөн сөздөрдү жазганга болбойт
суроолорду ким жазса, ага карата мазактаган, шылдыңдаган сөздөрдү жазууга болбой
кимдир бирөөлөрдү коркутуп үркүтүү, же жекеме-жеке сүйлөшүүгө чакырууга болбойт
дискусиянын катышуучуларынын кадыр баркына шек келтирүүгө, басынтууга болбойт
КР нын мыйзамына каршы келген жоопторду чыгарууга болбойт
жоопторду транслитке чыгарууга болбойт
жоопторду башкы тамгалар менен бөлүп чыгарууга болбойт
адамдардын тутунган динине, улутуна асылган, басынткан сөздөрдү жазып чыгарууга болбойт
бир эле суроого ар кайсы ник менен жазууга болбойт
ник менен сөгүнүп сагынган сөздөрдү жазууга болбойт
суроого тиешеси жок жоопторду жазууга болбойт