// //

Атам бизден жашырып жүргөн баласына да мал-мүлк калтыра алабы? Адвокаттын жообу

2020.04.01, 14:15
1209

Үй-бүлөдө үч бир тууганбыз, эки эркек, бир кыз. Байкем үйлөнгөн, мен турмушка чыккам, кичүү иним үйлөнө элек. Жакшы турабыз, мал-жаныбыз бар. Бардыгы атамдын атында.

Жакында эле атамдын бизден жашырып жүргөн баласы бар экенин билдик. Ага өз фамилиясын бериптир.

Мал-мүлктү атам менен апам биргеликте иштеп табышкан, айылда тургандыктан мал-чарбаны, дыйканчылыкты апам менен биз жасаганбыз. Бардыгын өз эмгегибиз, маңдай терибиз менен чогултканбыз. Атамдын баласынын мунун бардыгына кыпындай да тиешеси жок.

Суроо: Эгер атам балага өз фамилиясын берген болсо, атамдын көзү өтүп кеткенден кийин, ал бала бизден мүлктү талашышы мүмкүнбү? Көзү тирүү кезинде ага мурас калтыра алабы? Бала учурда алты жашта экен.

Бул сайтка чыккан маалыматтын бардыгы Bilesinbi.kg сайтынын менчиги болуп саналат. Сайтка чыккан маалыматты гиппер шилтемесиз колдонууга тыюу салынат.
Эксперттин жообу
01.04.2020, 14:19

Эркингүл Шаршенбекова

Адвокат

Ооба, атаңыз көзү тирүү кезинде мурас калтыра алат. Ал киши каза болгондон кийин, жашырып жүргөн баласы, силерге окшоп эле мураскер болуга толук укугу бар.

Ортодогү мүлктүн 50%ы апаңызга тиешелүү 50%ы атаңызга тийиштүү. Атаңызга тийиштүү мүлк анын бардык балдарынын ортосунда тең бөлүнөт.

Бала болгону 6 жашта болсо, анын атынан апасы Кыргыз Республикасынын Үй-бүлөлүк кодекси жана Жарандык кодексинин талаптарына ылайык арыз жазууга толук укугу бар.

Бул тууралуу маалыматты Жарандык кодекстин мурас тууралуу бөлүмүндө 1125-беренесинен баштап окуп билсеңер болот.

Адвокат Эркингүл Шаршенбекованы инстаграмдагы @advokat_kg_erkingul баракчасы аркылуу тапсаңыз болот.

Башкы беттеги сүрөт иллюстративдүү.

0
Пайдалуу жооп
Анонимдүү колдонуучунун суроосу модератор текшергенден кийин гана сайтка жайгаштырылат. Эгер сиздин сурооңуз тез жайгашсын десеңиз анда биздин социалдык түйүндөрдүн бирине катталыңыз.
Ɵзүн туура алып жүрүү
биздин сайтта:
сөгүнгөн сөздөрдү жазганга болбойт
суроолорду ким жазса, ага карата мазактаган, шылдыңдаган сөздөрдү жазууга болбой
кимдир бирөөлөрдү коркутуп үркүтүү, же жекеме-жеке сүйлөшүүгө чакырууга болбойт
дискусиянын катышуучуларынын кадыр баркына шек келтирүүгө, басынтууга болбойт
КР нын мыйзамына каршы келген жоопторду чыгарууга болбойт
жоопторду транслитке чыгарууга болбойт
жоопторду башкы тамгалар менен бөлүп чыгарууга болбойт
адамдардын тутунган динине, улутуна асылган, басынткан сөздөрдү жазып чыгарууга болбойт
бир эле суроого ар кайсы ник менен жазууга болбойт
ник менен сөгүнүп сагынган сөздөрдү жазууга болбойт
суроого тиешеси жок жоопторду жазууга болбойт