Турмушка чыксам жактырып кетээрмин деп ойлогом, көрсө жаңылыптырмын
Турмушка чыккам, бир кызыбыз бар. Жолдошум аябай түнт адам, кээде кызымды боорума кысып, басып кетким келет. Бирок өз атасындай эч ким боло албайт да туурабы? Күйөөм кызын жакшы көрөт.
Экөөбүз эки башка адамбыз, ойлорубузду ачык айтып, отуруп алып сүйлөшпөйбүз. Мен андан көп нерсени күтөм, ал мен жанына жолотпойт, түшүнүүгө аракет кылбайт, алдап коюу дегенди билбейт.
Үйлөнөөрдө бир аз эле сүйлөшкөнбүз, чынында, жактыруу сезими деле болгон эмес. Тийсем жактырып кетээрмин, менден улуу болсо, башкача мамиле кылат, деп ойлогом. Көрсө жаңылыптырмын.
Аябай тажап кеттим. Эмне кылсам? Кеңеш бериңизчи?
Эльвира Чокоева
Психолог
Саламатчылык.
Айтыңызчы, эмнеге өзүңүздү-өзүңүз алдап келесиз? Эмне үчүн убактыңызды, жашооңузду текке кетирип жатасыз? Кызыма атасы керек, деген сөз жалган шылтоо. Силер ажырашкан күндө да, ал ата бойдон калат. Бул кызыңыз менен атасынын ортосундагы мамиле.
Ал эми сиз менен күйөөңүздүн ортоңордогу мамиле жөнүндө айта турган болсок, жактыруу сезими жок болгонуна карабай, турмушка чыгыптырсыз. Мындайча айтканда, алма сатып алганда анын алма экенин билип туруп, апельсинге айланып кетээр деген үмүт менен сатып алгансыз. Бирок, андай болгон жок, эч качан болбойт дагы.
Алгач өзүңүздүн каалоолоруңузду, жашоого болгон коз карашыңызды жана принциптериңизди аныктап алыңыз. Кандай максатыңыз бар, ага жетүү үчун кандай аракеттерди көрдүм? Сиз үчүн бактылуу болуу деген эмне? Өзүңүздү 5-10 жылдан кийин кандай элестетесиз?
Ушул жана башка суроолорго жооп издеп көрүңүз, өзүңүзгө чынчыл болуңуз.
Ийгилик!
Эльвира Чокоева менен инстаграмдагы @elvira_psiholog аккаунту аркылуу байланышсаңыз болот.
Башкы беттеги илюстративдүү сүрөт.
Бул жерден дагы окусаңыз болот:
“Башкалар сонун эле эмизип жатпайбы, кандай эле сенден сүт чыкпайт?” деп урушат.
Бөлүнөлү десем, кайын энем ынабай жатат. Эмне кылышым керек?
Күйөөм кызыбызга сүйгөнүнүн атын койгонун кайын эжемден уктум
Кайын энем ооруп калсам эле уруш чыгаргысы келе берет. Эмнеге мындай?