Жакында үйлөнөм, бирок бир да жолу кыздарга барган эмесмин. Сексологдун кеңеши
Саламатсызбы. Менин суроомо жооп алып бериңизчи? Мен 24 жаштамын, жакында үйлөнөм, бирок буга чейин бир да жолу кыздарга барган эмесмин. Үйлөнгөндө кыйналбаймынбы?
Наталья Ивахник
Сексолог
Саламатчылык. Эгер сиздин сурооңуздун техникалык жагын карай турган болсок, эч кандай кыйынчылыктар жаралбайт. Буга чейин жыныстык катнашка барбасаңыз деле интуитивдик деңгээлде эмне кылуу керек экенин түшүнөсүз. Башкысы, ички туюмуңузга жана сезимдериңизге ишениңиз. Себеби, инстинкт ар бир адамда тубаса бар болот.
Бирок, сиз мындай суроо узатып жатсаңыз демек, сизде коркуу, сарысанаа, кыжалат болуу сезимдери бар. Булар да мыйзам ченемдүү көрүнүш. Сиз секс эмне экенин билбейсиз, ошондон улам чоочулап жатасыз. Бардык эле адамдар белгисиз, буга чейин билбеген, көрбөгөн көрүнүштөрдөн коркушат.
Башкысы өзүңүздүн денеңизди изилдеңиз, каалоолоруңузду тыңшап, аларды сезүүгө аракет кылыңыз. Болочок келинчегиңиз менен эмоционалдык жактан көбүрөөк контакт болууга аракет кылыңыз. Сүйлөшкүлө, кучакташкыла, ойногула, бирге убакыт өткөргүлө. Булар ортодогу ишеним сезимин пайда кылат жана жыныстык катнаштан экөөңөр тең ырахат алууңарга мыкты фундамент болот.
Бактылуу болуңуз!
Сексолог Наталья Ивахник менен инстаграмдагы @pro0kosmos баракчасы аркылуу байланышсаңыз болот.
Башкы беттеги сүрөт интернеттен алынды.
Бул жерден жыныстык катнаш тууралуу башка материалдарды окусаңыз болот:
Канча жаштан баштап жыныстык катнашка барса болот? Сексолог айтып берет
Төрөттөн кийин аял кумар албай калышы мүмкүнбү? Сексолог жооп берет
Мен аялымдын канып калганын кантип түшүнөм? Сексолог жооп берет
Күйөөм менен кошулганда оорутат, эмне кылсам болот? Сексолог айтып берет