Кыргызстандагы COVID-19дун абалы. Канча орун бар, тестти кайдан тапшырса болот?
2-апрелге карата коронавирус жугузгандардын саны дагы 5 адамга көбөйдү. Бул тууралуу бүгүн Саламаттыкты сактоо министрлигинин ыкчам штабынын жетекчиси Касымбек Мамбетов билдирди. Бардыгы болуп 116 адам.
- Ош – 1 киши
- Ноокат району – эки киши
- Кызыл-Кыя – эки киши
Ооругандардын ичинен бир жашка чейинки эки бала бар.
Беш адам реанимацияда, анын ичинен экөөнүн абал өтө оор.
Саламаттыкты сактоо министрлигинин өкүлү бардыгы 9 128 иликтөө тести жүргүзүлгөнүн билдирди. Күнүнө 884төн.
“Өзүн текшергиси келгендер абдан көп. Бул нормалдуу көрүнүш. Биз бир нече күндөн кийин бул системаны киргизе алабыз. Кыргызстандыктар менчик вирусологиялык лабораторияларга кайрыла алышат”, - деди Мамбетов.
Кыргызстанда 551 өпкөнү желдетүүчү аппарат бар. Өкмөт дагы 200 аппараттардын келишин күтүүдө.
Кыргызстандагы ооруканаларда 25 000 орун бар, анын ичинде 1 800 орун инфекциялык ооруканада. Алгач коронавирусту жугузган бейтаптар инфекциялык ооруканаларга жайгаштырылат. Эгер ооругандардын саны өтө көп болсо, башка мекемелер да профилин өзгөртүшөт. Республика боюнча 1 943 орун анын ичинде 254 реанимациялык орундар убактылуу профилин алмаштырат.
Коронавирусту биринчи болуп Сузак районунун 3 тургунунан аныкташкан. 25-марттан 15-апрелге чейин Бишке, Ош жана Жалал-Абад шаарларында, Ноокат, Кара-Суу жана Сузак райондорунда өзгөчо кырдаал киргизилген. 25-марттан тартып Бишкекте коменданттык саат киргизилди.
Маалымат kaktus.media сайтынан алынды.