// //

Күйөөмө “келин деле адам” десем каткырып сыртка чыгып кетти

2020.03.29, 17:26
3684

Bilesinbi.kg жаштар долбоору ар бир келген суроолордун анонимдүүлүгүн сактап, тиешелүү адистерден бекер жооп алып берип келет.

"Күйөөмдүн кызыкчылыктары менен гана жашап калдым"

Күйөөм менен таанышканда экинчи курс элем. Башында жаккан эмес. Эки жыл артыман чуркады. Аягында боорум ооруп, сүйөт, демек бактылуу кылат деп сунушуна макул болдум.

Тойдо 300дөй адамдын алдында “сөзсүз окуусун бүтөт, кесиби менен иштейт”,-деп, атамдын колун бекем кыскан.

Күйөөмдүн үйү шаардан бир топ алыс экен. Университетке болгону эки жолу машинасы менен жеткирди. Үчүнчү күнү ойготсом, “сени ташый берип тажадым, кийин акча берип бүтүрүп аласың”,-деп артын карап жатып алды.

Бүтүргөн жокмун. Акыркы жети жыл үйдө отурдум. Ата-энемди сагындым. Барып келейин десем “жумушту ким кылат” деп жибербейт. Таңкы саат беште турам, түнrкү бирлерде уктайм. Күйөөмдүн кызыкчылыктары менен гана жашап калдым. “Тур” десе турам, “отур” десе отурам, ар бир нерсени уруксат сурап жасайм. Бул арада, үч баланын энеси болдум.

Тагдарым ушу болсо эмне кылайын дедим. Каалоолорумду ачык айткандан, белгисиздиктен корктум. Билимим, жумушум жок, балдарым менен кайда барам деп ойлодум.

"Жумуш таап иштесем кандай болот?",- деп сурадым. “Сен деген келинсиң, бирөөгө эмес, бул үйгө кызмат кылышың керек”, - деди. “Келин деле адам” десем, каткырып сыртка чыгып кетти. Ошол түнү ичип келип, “сен мага каяша сүйлөдүң” деген шылтоо менен сабап салды. Сабырым түгөндү.

Үч баламды көтөрүп чыгып баратсам, “кайра келип бутума чөгөлөсөң дагы кабыл албайм" деди.

Ооба, мен келинмин, аялмын, энемин – бирок мен биринчи кезекте өзүнүн укугу, каалоосу бар адаммын. Эч кимдин мени басынтып, укугумду тебелегенге акысы жок. Мен мындай үй-бүлө тууралуу кыялданган эмесмин. Күйөөсү сыйлаган жана сүйгөн бактылуу жубай, эне болгум келген. Адам эч качан өзгөрбөйт экен. Баары жакшы болот деп бекер эле убакыт коротуп күтүп жүрүпмүн. Мен өзүм өзгөрөм. Балдарыма үлгүлүү эне болом. Мындан ары ыйлабайм. Көз жашымды сүрттүм да, алдымда уктап бараткан чүрпөлөрүмдүн бетинен өптүм. Маршрутка шаарга кирди. Көңүлүм сергип кенен дем алдым.

Башкы беттеги илюстративдүү сүрөт.

Бул жерден башка кызыктуу макалаларды окусаңыз болот:

Келинчегимди жоктоп жатканда, мага жаңы аял издегендер көбөйдү

Үйлөнөйүн десем мага жаккан кыз жоолук салынууга макул болбой койду

Апам күйөөмө идиш жуудуруп, тамак жасатат

Мени сүйбөгөн жигитти өз акчама эс алдырып келдим

Бул сайтка чыккан маалыматтын бардыгы Bilesinbi.kg сайтынын менчиги болуп саналат. Сайтка чыккан маалыматты гиппер шилтемесиз колдонууга тыюу салынат.
Анонимдүү колдонуучунун суроосу модератор текшергенден кийин гана сайтка жайгаштырылат. Эгер сиздин сурооңуз тез жайгашсын десеңиз анда биздин социалдык түйүндөрдүн бирине катталыңыз.
Ɵзүн туура алып жүрүү
биздин сайтта:
сөгүнгөн сөздөрдү жазганга болбойт
суроолорду ким жазса, ага карата мазактаган, шылдыңдаган сөздөрдү жазууга болбой
кимдир бирөөлөрдү коркутуп үркүтүү, же жекеме-жеке сүйлөшүүгө чакырууга болбойт
дискусиянын катышуучуларынын кадыр баркына шек келтирүүгө, басынтууга болбойт
КР нын мыйзамына каршы келген жоопторду чыгарууга болбойт
жоопторду транслитке чыгарууга болбойт
жоопторду башкы тамгалар менен бөлүп чыгарууга болбойт
адамдардын тутунган динине, улутуна асылган, басынткан сөздөрдү жазып чыгарууга болбойт
бир эле суроого ар кайсы ник менен жазууга болбойт
ник менен сөгүнүп сагынган сөздөрдү жазууга болбойт
суроого тиешеси жок жоопторду жазууга болбойт