Кыздын тагдырын бузган 10 тыйуу

2018.11.19, 13:17
749

Психолог Михаил Лабковскийдин айтканына караганда, энелер кыздарын тарбиялаганда билбестик кылып тагдырына зыян келтирип коюшат. Алардын айткандары өмүр бою мээде калып, улам кийинки тукумга өтө берет.

Апалар, чоң апалар жана таенелер кетирген алгачкы жаңылыштык бул кыздарды белгилүү бир типте тарбиялаганы. “Кыздар тил алчаак болуш керек”, “Кыздар катуу күлбөйт”, “Жакшы кыздар үйдөн чыкпай оокат кылат”, “Мындай кыялың менен күйөңдөн таяк жеп эле басып жүрөсүң го”, “Кайын энең жеткирип келет, оокат кылганды билбейт экен, деп”, кыскасы, кыздар бардыгынын көңүлүн алып, кам көрүүгө милдеттүү. Жыйынтыгында, кыздар өздөрүн экинчи сорттогу адам катары көрүп, үй-бүлөлүк жашоодо да өз кызыкчылыктарын коргой албайт.

Экинчи жаңылыштык - бул эркектерге карата терс мамилени калыптандыруу. “Эркегиңдин эч нерсе менен иши жок”, “Аны эркек деп коет, сен ага теңелбе”, “Эркектер алдап кетет”, “Этегиңе бала салып келбе”, мындай сөздөрдү күндө угуп жүрүп чоңойгон кыздар эркектерди мыкаачы агрессор катары кабыл алып, бала кезинен аларга болгон ишенимин жоготот.

Үчүнчү жаңылыштык. Кыздарга тарбия берүүдө таң калыштуу карама-каршылык бар. 15-16 жашка чыккан селкиге эркектерди желмогуз деп жаткан энелер, 20 жаштан өтүп калган кызга турмушка чык, деп айта баштайт. Болбосо, “Убактың өтүп кетет”, “Сага эр калбай калат”, “Кара далы болуп каласың”. Ойлонуп көрсөңөр, кызыңар сиздин тилиңерди алып, үйдө отурду, эркектер алдап кетет деп аларга такыр ишенбейт. Эми сиз андан күйөгө тийип, бала төрө, деп талап кылып жатасыңар.

Төртүнчү жаңылыштык. Бардык кыйынчылыктардан жана кокустуктардан сактап калууга аракет кылган энелер, кыздарына ашыкча кам көрүшөт. Муну кылба, ал жака барба, мындай кийинбе, ал кыз менен сүйлөшпө. Кыздар да өз алдынча чечим чыгарып, жоопкерчиликтүү болууга үйрөнүшү керек. Жаңылып, ката кетирип, анысын кайра оңдоп тажрыйба топтосун. Албетте, чеги менен.

Бешинчи жаңылыштык – бул кыздын атасын начар адам катары көрсөтүү. Атасы барбы, жокпу, чогуу турабы же өзүнчөбү, айырмасы жок. Балага “Сен атаңды тартып жалкоосуң”, “Атаңды тартып түрүң суук”, деп айтууга болбойт. Атасынын кемчиликтери үчүн кыз жооптуу эмес. Кандай гана начар киши болбосун, баланын анда эч кандай күнөөсү жок. 

Алтынчы жаңылыштык – кызга кол көтөрүү. Албетте, бардык балдарды урганга болбойт, бирок кыз балага катуурак тиет. Кыздар психологиялык жактан тезирээк жабыркап, өзүнө болгон ишеними да тез жоголот. Ал эми атасы кызын сабаса, келечекте ал өзүнө ошондой өмүрлүк жар тандап, эркектердин кол көтөргөнүн нормалдуу көрүнүш катары кабыл алып калат.

Жетинчи жаңылыштык. Көөп кетпесин, же көз тийбесин деп мактабай койгондук. Кыз бала өзүн эң сулуу, эң сүйүктүү, эң акыл-эстүү экенин билип чоңоюш керек. Кызыңызга, анын өзгөчө экенин, ушундай кыздуу болуп калганыңыз үчүн аябай сыймыктанарыңарды улам айтып тургула. Бул анын бактылуу өмүр сүрүшүнүн пайдубалы.

Сегизинчи жаңылыштык – кыздын көзүнчө ата-энелердин урушушу. Балдардын көзүнчө бири-бириңерди күнөөлөп, жеке кемчиликтерирди айтканга болбойт. Бала үчүн ата дагы эне дагы баалуу, ар биринин өз орду бар. Кимдин кандай экенин ал өзү аңдап, өзү чечет.

Тогузунчу жаңылыштык – кыздын өспүрүм курагын туура эмес кабыл алуу. Ата-энелер эки карама-каршы ыкманы колдонушат. Баардыгын тыйып, тоталитардык көзөмөлгө алуу, же тескерисинче, “чоңойуп калбадыбы” деп, көңүл бурбай коюуу. Экөө тең жаңылыштык. Жакшысы – катуу талап жана жайдары мамиле. Кыздарыңар менен мүмкүн болушунча көбүрөөк сүйлөшүп, кеңешип, үйдөгү иштерди чогуу жасаганга аракет кылгыла. Сырдашкыла. Кызыңар айтып берген окуяларды кунт коюп уккула. Өзүңөрдүн бала кезиңерди айтып бергиле. Бирок, алган маалыматты кайра ага каршы колдонбогула.    

Акыркысы – кыздын жашоосун белгилүү бир чекке салбагыла. Чоңоесуң, турмушка чыгасың, бала төрөйсүң, кийин дагы төрөйсүң, семирбе, иштебе, ж.б. Кызга окуу, билим ал, өзүңө жаккан жумушта иште, жоопкерчиликтүү бол, башкалардын айткандарына көңүл бурба, өзүңдүн жеке пикириң болсун, бактылуу болууга умтул, деп үйрөткүлө.

Бул сайтка чыккан маалыматтын бардыгы Bilesinbi.kg сайтынын менчиги болуп саналат. Сайтка чыккан маалыматты гиппер шилтемесиз колдонууга тыюу салынат.
Анонимдүү колдонуучунун суроосу модератор текшергенден кийин гана сайтка жайгаштырылат. Эгер сиздин сурооңуз тез жайгашсын десеңиз анда биздин социалдык түйүндөрдүн бирине катталыңыз.
Ɵзүн туура алып жүрүү
биздин сайтта:
сөгүнгөн сөздөрдү жазганга болбойт
суроолорду ким жазса, ага карата мазактаган, шылдыңдаган сөздөрдү жазууга болбой
кимдир бирөөлөрдү коркутуп үркүтүү, же жекеме-жеке сүйлөшүүгө чакырууга болбойт
дискусиянын катышуучуларынын кадыр баркына шек келтирүүгө, басынтууга болбойт
КР нын мыйзамына каршы келген жоопторду чыгарууга болбойт
жоопторду транслитке чыгарууга болбойт
жоопторду башкы тамгалар менен бөлүп чыгарууга болбойт
адамдардын тутунган динине, улутуна асылган, басынткан сөздөрдү жазып чыгарууга болбойт
бир эле суроого ар кайсы ник менен жазууга болбойт
ник менен сөгүнүп сагынган сөздөрдү жазууга болбойт
суроого тиешеси жок жоопторду жазууга болбойт