// //

Атамдын кадыры менен кайын-журт арасында барктуумун

2020.03.10, 16:28
8959

Байдын кызы экен деп ойлоп кеттиңерби? Карапайым эле үй-бүлөдө төрөлгөм. Бир байкем бар. Атам айдоочу, апам бала бакчада тарбиячы. Кантип сый-урматка ээ болуп жүргөнүмдү билгиңер келеби? Анда угуп тургула.

Атам кыздарын өзгөчө жакшы көрөт. Жанына барып калсам маңдайымдан жыттап коет. Айлык алганда сөзсүз базарга алып барат. Мектептеги чогулуштарыма калбай катышат. Бир да жолу үнүн көтөрүп катуу урушкан жок. Айтор, кирпигиме чаң жугузбай чоңойтту.

Атамды тааныбагандар мени бир байдын кызы деп ойлошчу. Анткени, класстан эң жакшы кийингени мен элем.

Бой жетип өз теңимди таптым. Үйүмдөн узак болсом да, атамдын колдоосун сезип турам. Күн алыс жазып акыбалымды сурайт. “Бизде баары жакшы, кабатыр болбо кызым”,-деп, үйдөгү мал-жандын күлкүлүү сүрөттөрүн жөнөтөт. Бирок апам “атаң сени сагынып жатат”, дегенде жүрөгүм ооруйт.

“Аны ташта, чачыңды тарап алчы. Баягы мен алып берген көйнөгүңдү кийип ал макулбу? Эртең куда келет экен.”  Атам келатканда прездентти тоскондой катуу даярданабыз. Кайын энем экөөбүз бир айдан бери бүтүрө албай жүргөн иштерди заматта жайгарабыз. Атүгүл үйдүн айрым жерлерин ремонттоп, кагылбай турган мыктар кагылып, тагылбай турган лампочкалар тагылат.

Атам кирип келип эле мени кучактап бетимден өбөт. Атайын мага деп көтөрө келген баштыгын берип, “кыйналган жоксуңбу”,-деп сурайт. Баары жакшы экенине көзү жеткен соң, башкалар менен учурашып төргө өтөт.

Баламдын тушоо тою эле. Түнгө дейре камылга көрүп кеч жаттык. Уйкудан калган адам кандай болоорун билесиңер. Анан дагы халатым кир, жоолугум кыйшыйып калган, дегендей. Жетишпей жүдөп, эки жакка чуркап жүрсөм, атам чакырган сааттан эрте келип калды. Баарын байкаган, кыраакы киши. “Кудагый, кызым тойго жалгыз даярданган окшойт”,- деп, тамаша-чын аралаш сүйлөдү. Кайын энем дагы акылдуу аял. Атамдын көңүлүн алып, абалдан чыгып кетти.

Кайын-журт арасында кадыр-барктуумун. Баары сыйлап, көңүлүмдү карап турушат. 

Кайын энем тамашакөй, бетке айткан, “современная” аял. Халат кийип алсам, “жүдөбөй шым эле кийип алчы” дейт. Атамдыкына баратам десем, “кудадан уруш угуп калбайын”,-деп бир сыйра кийим алып берип, балдарымды чыкыйтып, баштыгымды толтуруп анан жөнөтөт.  

Ушул жашка келгенге чейин бирөөдөн жаман сөз уккан жокмун. Баары атамдын кадыры менен. Мен сизди жакшы көрөм ата! Ылайым көп жашаңыз!

Башкы беттеги сүрөт turmush.kg сайтынан алынды.

Бул жерден башка кызыктуу макалаларды окусаңыз болот:

Апам күйөөмө идиш жуудуруп, тамак жасатат

Мени сүйбөгөн жигитти өз акчама эс алдырып келдим

Студенттер тууганыңардын үйүндө жашабагыла! Таежеси тажаал кыздын баяны

Эки бала менен кайда барам? Айтканыңды аткарам, бирок мени кууба, деп жалдырадым

Бул сайтка чыккан маалыматтын бардыгы Bilesinbi.kg сайтынын менчиги болуп саналат. Сайтка чыккан маалыматты гиппер шилтемесиз колдонууга тыюу салынат.
Анонимдүү колдонуучунун суроосу модератор текшергенден кийин гана сайтка жайгаштырылат. Эгер сиздин сурооңуз тез жайгашсын десеңиз анда биздин социалдык түйүндөрдүн бирине катталыңыз.
Ɵзүн туура алып жүрүү
биздин сайтта:
сөгүнгөн сөздөрдү жазганга болбойт
суроолорду ким жазса, ага карата мазактаган, шылдыңдаган сөздөрдү жазууга болбой
кимдир бирөөлөрдү коркутуп үркүтүү, же жекеме-жеке сүйлөшүүгө чакырууга болбойт
дискусиянын катышуучуларынын кадыр баркына шек келтирүүгө, басынтууга болбойт
КР нын мыйзамына каршы келген жоопторду чыгарууга болбойт
жоопторду транслитке чыгарууга болбойт
жоопторду башкы тамгалар менен бөлүп чыгарууга болбойт
адамдардын тутунган динине, улутуна асылган, басынткан сөздөрдү жазып чыгарууга болбойт
бир эле суроого ар кайсы ник менен жазууга болбойт
ник менен сөгүнүп сагынган сөздөрдү жазууга болбойт
суроого тиешеси жок жоопторду жазууга болбойт