Күйөөм алиментке 1000 сом төлөйт. Суммасын көбөйтсөм болобу?
Саламатсызбы! Жолдошум экөөбүз 2012-жылы ажырашканбыз. Ортодо бир балабыз бар. Алимент төлөбөй жатат. Араван сотуна кайрылсам алар тааныш-билиш кылышууда. Айына 1000 сомдон төлөйт. Көбөйтсө болобу?
Нурислам Раимжанов
"Справедливость" укук коргоо уюмунун юристи
Урматтуу окурман! Сиз сот аткаруучуга 1000 сом өлчөмүндөгү алименттин суммасын эмненин негизинде эсептеп чыгаргандыгы жөнүндө маалымат берүүсүн сурап кайрылыңыз. Ошондой эле алименттин суммасын кайрадан эсептеп чыгуу боюнча ошол эле сот аткаруучуга арыз берсеңиз болот.
Арыздын үлгүсү:
Араван районунун соттук аткаруучулар
кызматтык бөлүмүнүн
улук соттук аткаруучусуна
Жызлдызова Жылдыз Жылдызбековнадан
дарегим: Араван району, Эркиндик көч., 00, тел.: 00000000.
АРЫЗ
карызкор Асанов Асан Асановичтен, өндүрүп алуучу Жылдызова Жылдыз Жылдыбековнанын пайдасына өндүрүлүчү алименттин суммасын кайрадан эсептеп чыгуу жөнүндө
Араван районунун соттук аткаруучулар кызматтык бөлүмүнүн иш өндүрүлүсүндө, карызкор Асанов Асан Асановичтен, өндүрүп алуучу Жылдызова Жылдыз Жылдыбековнанын, пайдасына эки бала үчүн алимент өндүрүү иши бар.
Кыргыз Республикасынын сот аткаруучулардын статусу жөнүндө жана аткаруу өндүрүшү тууралуу мыйзамынын 12-ст. 2-бер. 4-бөл. “тараптардын аткаруу өндүрүшү боюнча арыздарын жана өтүнмөлөрүн кароого жана алар боюнча токтомдорду чыгарууга, даттануунун мөөнөтүн жана тартибин түшүндүрүүгө” сот аткаруучу милдеттүү деп көрсөтүлгөн. Ошондуктан мен, карызкор Асанов Асан Асановичтен, өндүрүп алуучу ЧЖылдызова Жылдыз Жылдыбековнанын пайдасына өндүрүлүчү алименттин суммасын кайрадан эсептеп чыгуу суранам. Анткени 2016-жылдын 30-сентябрындагы Араван райондук сотунун, сот актысынын негизинде карызкор А.А. Асановдон 2016-жылдын 28-сентябрынан тартып 1/3 өлчөмүндө алимент өндүрүлүсү көрсөтүлгөн, ал эми карызкор А.А. Асановдон бүгүнкү күнгө чейин 1000 сомдон алимент өндүрүлүп келинүүдө.
Карызкор А.А. Асановдон өндүрүлүчү 1000 сом туура эмес чыгарылган деп эсептеймин. Анткени өндүрүлүчү алимент карызкордун тапкан кирешесинен 1/3 өлчөмүндө болушу керек. Демек карызкор айына 3000 сомдон тапкандыгы тууралуу далил болусу керек. Бирок, иш метералдарынын ичинде карызкор А.А. Асановдон, турукту 3000 сомдон айына табып тургандыгы боюнча тактама жок деп эсептеймин. Ошондуктан карызкор А.А. Асановдон өндүрүлүүчү алименттин алименттин суммасы орточо эмгек акынын өлчөмүнө негизденүү менен аныкталат.
КРнын Улуттук статистика комитети жана КРнын соцфондун маалыматына караганда орточо эмгек акы төмөндөгүчө тартипте болгон:
№ |
Жылдар |
Орточо эмгек акы (сом) |
1 |
2019-ж. КРнын Улуттук статистика комитети http://www.stat.kg/kg/news/o-srednemesyachnoj-zarabotnoj-plate-v-yanvare-marte-2019-goda/ Ош областы боюнча берген маалыматы боюнча |
10395 |
|
2020-ж. КРнын соцфондун маалыматы боюнча Араван районунда орточо айлык эмгек акы тууралуу маалыматы боюнча http://socfond.kg/kg/payers/smzInfo/ |
8 689 |
Жогоркулардын негизинде Кыргыз Республикасынын Конституция 40-ст. 1-2-б. жана Кыргыз Республикасынын сот аткаруучулардын статусу жөнүндө жана аткаруу өндүрүшү тууралуу мыйзамынын 12-ст. 2-бер. 4-бөл., 24-ст., 25-ст., 26-ст. 27-ст. жана 93-ст. 2-бер. жетекчиликке алып карызкор Асанов Асан Асановичтен, өндүрүп алуучу Жылдызова Жылдыз Жылдыбековнанын пайдасына өндүрүлүчү алименттин суммасын кайрадан эсептеп чыгууну жана кайрадан эсептелген сумманы карызкордон өндүрүүнү суранам.
Менин арызым боюнча жоопту дарегим боюнча жиберүүнү суранам.
Тиркеме: Паспортумдун көчүрмөсү.
Арыз ээси: Жылдызова Ж.Ж.
04.03.2020-ж.