// //

БАЛДАР ӨКСҮГҮ "АЗАЙГАН" ЖОК

2018.02.08, 15:19
2967

Псхихологдордун айтуусу боюнча, балдарга зомбулук көрсөтүүдө биринчи орунда ата-энелер тураарын айтышат. Андан кийин кошуна-колоңдор, көчөдөгү эле тааныбаган адамдар тарабынан, жоро-жолдоштору же жогорку класстагы балдар тарабынан зомбулуктар катталган. Бала мектепке көгала болуп сабалып, кир кийими менен келсе, мугалимдер унчукпайт. Врач үй-бүлөдөгү зомбулуктан азап тарткан бейтапка медициналык жардам гана көрсөтүп коет деген нааразычылыктар да жок эмес. Үй-бүлө жана жакындарынан жабыр тарткан балдар тууралуу, Эмгек жана социалдык өнүгүү министрлигинин үй-бүлөнү жана балдарды коргоо бөлүмүнүн башчысы Гүлмира Ахматова жооп берди

  • Азыр өз энесинен кордук көрүп токмоктолгон наристелер тилеке каршы көп. Балдар ооруканасына ар кандай жаракаттар менен түшүп, кээ бирлери жандандыруу бөлүмүнөн ойгонуп жатышат. Балдарын ушунчалык сабоого эмне түрткү болот?

Бүгүнкү күндө Кыргызстанда балдардын укуктарын жана кызыкчылыктарын камсыздоо боюнча ченемдик укуктук база түзүлгөн, мындан тышкары бир нече стратегиялык иш-чаралар, программалар ишке ашырылып жатат. Бирок, балдардын абалын жакшыртуу боюнча болгон мыкты мыйзам чыгаруу базасына жана кабыл алынып жаткан чараларга карабастан, акыркы учурда балдарга карата зордук-зомбулуктун үрөйдү учурган окуялары катталууда. Мындай ырайымсыз мамилелер, зомбулуктардын көпчүлүгү турмуштук оор кырдаалга кабылган аз камсыз болгон үй-бүлөлөрдүн балдарына, же ата-энеси Кыргыз Республикасынан тышкары эмгек мигранты болуп кеткен балдарга карата болууда.

  • Ар бир окуяны талдап көрсөк наристелердин энеси өтө эле жаш 22-25 жаштагылар экендиги өкүндүрбөй койбойт. Аларга биздин мыйзамдар боюнча кандай жазалар же укуктар каралган?

Бүгүнкү күндө Кыргыз Республикасында балдардын укуктарын жана кызыкчылыктарын камсыздоо боюнча жакшы укуктук ченемдик актылар бар. Ата-энелер (аларды алмаштырган адамдар) баланын толук өсүшү, билим алышы, ден соолугунун чыңдалышы үчүн зарыл шарттарды түзүүгө милдеттүү. Ата-эне (аларды алмаштырган адамдар) менен балдардын ортосунда пикир келишпөөчүлүк болсо, балдарды коргоо боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын аймактык бөлүмү, балдардын укуктарын жана кызыкчылыктарын коргоону жүзөгө ашырууга милдеттүү. 

  • Ата-эне балдарынын тулку-боюна жана психикалык жагынан дени сак, ыймандуу жетилишине залал келтирүүгө укугу жок.
  • Балдарга тарбия берүүдө кайдыгерлик, зөөкүрдүк, оройлук, адамдык аброюн кемсинтүү, мазактоо же балдарды эзүү усулу болбоого тийиш.
  • Балдардын укуктары менен кызыкчылыктарына залал келтирип, ата-энелик укуктарын жүзөгө ашырган ата-эне мыйзамда белгиленген тартипте жоопкерчиликке тартылышат.
  • Кыргыз Республикасынын Үй-бүлө Кодексинин негизинде, соттун чечими боюнча балдарга мыкаачылык менен мамиле жазаган ата- эне, ата- энелик укугунан ажыратылат.
  • Ата-эне (алардын бири) кандай учурларда ата-энелик укуктарынан ажыратылат?
  • Балдарга зөөкүрдүк жасаса, анын ичинде анын тулку боюна жана психикасына зомбулук көрсөтсө, жыныстык кол тийгистигине кол салса.
  • Ата-энелик милдеттерин аткаруудан, анын ичинде алимент төлөөдөн кыянаттык менен качса.
  • Жүйөлүү себептерсиз өз баласын төрөт үйүнөн (бөлүмүнөн), болбосо дагы башка дарылоо мекемесинен, тарбия берүү мекемесинен, калкты социалдык жактан коргоо мекемесинен же башка ушуга окшош мекемелерден алуудан баш тартса.
  • Ата-энелик укуктардан кыянаттык менен пайдаланса.                                                 

 

  • Балдарын ата-энесине, же аялынын төркүндөрүнө таштап өздөрү сыртта иштеп жаткан үй-бүлөлөр да жок эмес, тилекке каршы өзүнүн жакындарынан жабыркаган балдар да арбын, бул тармакта статистика барбы, социалдык коргоо мекемелери алар менен кандай иштерди алып барып жаткандыгы тууралуу?                                                                                                   

Туура, сиз айткандай көпчүлүк учурда балдардын ата-энеси сыртка миграцияга кетип жатып аларга камкордук көрбөстөн, чоң ата, чоң энелерине, туугандарына, кошуналарына таштап кетишет. (Мыйзам боюнча камкорчу жана көзөмөлчү балдарды коргоо боюнча ыйгарым укуктуу органдын корутундусу боюнча сот тарабынан дайындалат).

Ата-энеси тарабынан жөнөтүлгөн финансылык каражат өспүрүмдөргө материалдык жактан жардам көрсөткөнү менен, тарбия жагынанан балдар өксүп калууда. Көп учурда мындай балдар жакындарынын ур токмогуна, зордук зомбулука кабылышып кээ бирлери түнт адамга айланышат. Талдоо көрсөткөндөй балдарга карата ырайымсыз мамилени (зордук зомбулукту) чоочун адамдар эмес, баланын жакын туугандары жасоодо (чоң ата, чоң эне, таяке ж.б.)

Райондук шаардык социалдык өнүгүү башкармалыктардын мааламаты боюнча 2017-жылда 168 бала ырайымсыз мамиле жана зордук-зомбулука кабылган. Анын ичинен 85 бала физикалык зордук-зомбулукка, 55 сексуалдык, 28 бала –психикалык зомбулука кабылган. Табылган балдарга Баланы коргоо боюнча жеке пландар иштелип чыгып, балдарга ар-кандай  психологиялык, медициналык, укуктук, жана социалдык жардамдар көрсөтүлгөн.  

  • Балдардын укугу боюнча эмне иш чаралар жүргүзүлөт, дегеле алардын үнү силерге жетеби?

Балдардын укуктарын бузуу фактысына ыкчам таасир этүү, балдарга карата кризистик жана ырайымсыз мамилени (зомбулукту) болтурбоо боюнча иш чаралар кабыл алынган. Социалдык өнүгүү министрлигине караштуу “Балдар үчүн ишеним телефону” Борбору” мамлекеттик мекеме түздүк. 2015-жылдын сентябрь айынан баштап ишке кирди. Бирдиктүү номери 111. Бул ишеним телефону акысыз, купуялуулук жана анонимдүүлүк сакталат, күнү-түнү иштейт.

2017 – жылы 111 ишеним телефонуна реалду чалуулар катталды, анын ичинен 232 же 20,9% балдардан, ал эми 879 же 79,1% чоң адамдардан чалуулар түштү, чалулар боюнча тийиштүү ыкчам чаралар көрүлдү. 

Ырайымсыз мамилеге кабылган балдарга укуктук, социалдык, психологиялык жана башка жардамдарды көрсөтүү максатында Бишкек, Талас Каракол шаарларында жана Түп районунда Борборлор иштешет. Аталган борборлордо 2015-2017-жылдын ичинде 2088 балага реабилитациалык жана социалдык кызматтар көрсөтүлгөн.  

  • Үй-бүлөсүндө запкы көргөн бадар көзгө дароо эле урунат эмеспи, аларды теңтуштары да кабыл албай, "ата-энеси мындай, өзү андай" деп бөлүп турушат. Аймактарда, кичи шаарларда эмне иштер жасалып жатат? 

Турмуштук оор кырдаалга кабылган балдар жана үй-бүлөлөр менен иштөө боюнча аймактык мамлекеттик органдардын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын ишин координациялоо үчүн атайын, балдар иштери боюнча комиссия жөнүндө типтүү жобо бекитилген. Жергиликтүү мамлекеттик администрациялардын жана шаардын мэрияларынын алдындагы Балдар иштери боюнча комиссиясында, 2017-жылы жалпысынан 1256 отурум өткөрүлгөн. Отурумда администртивдик укук бузуулар боюнча 2312 материал каралган, анын ичинен 1587 жаш өспүрүмдөргө жана 1240 ата-энелерге карата чара көрүү чечимдери кабыл алынган.

Бул сайтка чыккан маалыматтын бардыгы Bilesinbi.kg сайтынын менчиги болуп саналат. Сайтка чыккан маалыматты гиппер шилтемесиз колдонууга тыюу салынат.
Анонимдүү колдонуучунун суроосу модератор текшергенден кийин гана сайтка жайгаштырылат. Эгер сиздин сурооңуз тез жайгашсын десеңиз анда биздин социалдык түйүндөрдүн бирине катталыңыз.
Ɵзүн туура алып жүрүү
биздин сайтта:
сөгүнгөн сөздөрдү жазганга болбойт
суроолорду ким жазса, ага карата мазактаган, шылдыңдаган сөздөрдү жазууга болбой
кимдир бирөөлөрдү коркутуп үркүтүү, же жекеме-жеке сүйлөшүүгө чакырууга болбойт
дискусиянын катышуучуларынын кадыр баркына шек келтирүүгө, басынтууга болбойт
КР нын мыйзамына каршы келген жоопторду чыгарууга болбойт
жоопторду транслитке чыгарууга болбойт
жоопторду башкы тамгалар менен бөлүп чыгарууга болбойт
адамдардын тутунган динине, улутуна асылган, басынткан сөздөрдү жазып чыгарууга болбойт
бир эле суроого ар кайсы ник менен жазууга болбойт
ник менен сөгүнүп сагынган сөздөрдү жазууга болбойт
суроого тиешеси жок жоопторду жазууга болбойт