Кыргызстандыктардын санарип жөндөмүн өнүктүрүү жолдору

2020.02.25, 13:59
349

Калктын санарип жөндөмүн өнүктүрүү, компетенттүүлүгүн арттыруу "Санарип Кыргызстан 2019-2023-жж" аттуу санарип трансформация Концепциясынын маанилүү бөлүгү болуп саналат жана санарип экономиканын өнүгүшүнүнө зор өбөлгө түзөт.

Элестетип көрсөңүз, жаран же мамлекеттик кызматкер Интернетти колдоно албаса, санарип кызматтарды пайдалана билбесе, санарип мамлекеттин калыптануусу дээрлик мүмкүн эмес да.

Санарип трансформациянын негизги максаты – технологиялык жактан өнүккөн, санарип жөндөмү зор коомду калыптандыруу менен мамлекеттин аттандашуу артыкчылыктарын көбөйтүп, санарип доорунда өлкөнү туруктуу өнүктүрүү жана санарип экономиканы калыптандыруу.

Кыргызстанда санарип жөндөмүн өнүктүрүү максатында аткарылган жана пландаштырылган иш-чаралар тууралуу Kaktus.media редакциясына Маалыматтык технологиялар жана байланыш мамлекеттик комитетине караштуу "Digital CASA - Кыргыз Республикасы" долбоорун ишке ашыруу Бөлүмүнүн жетекчиси Бакыт Омурзаков айтып берди.

- "Санарип Кыргызстан" жана "Digital CASA – Кыргыз Республикасы" долбоорунун алкагында кыргызстандыктардын санарип жөндөмү кандайча өнүгөт?

- Санарип коомду түптөгөн Концепцияны ишке ашыруу үчүн тиешелүү алгоритм иштелип чыккан. Биринчиден, санарип билим берүү жана санарип жөндөмдү өнүктүрүү иш-чаралары билим берүү системасында толук камтылган. Экинчиден, IT-тармагын өнүктүрүү, IT-индустриясы үчүн жогорку деңгээлдеги IT-адистерин даярдоо. Үчүнчүдөн, санарип жөндөмдү эл арасында, анын ичинде аялуу катмарга да кеңири жайылтуучу окутуу системасын иштеп чыгуу. Төртүнчүдөн, улуттук санарип контентин кыргыз тилинде жайылтуу.

"Digital CASA - Кыргыз Республикасы" долбоорунун алкагында 3.2 подкомпоненти камтылган. Адистерди даярдоодо, жумуш орундарын ачууда жана санарип экономикага инновацияларды киргизүүдө регионалдык өнөктөштүк каралган. Санарип өзгөрүүлөрдү ишке ашыруу үчүн өнөктөштүктүн ар кандай ыкмаларын пайдалануу, биргеликте каржылоо, адам ресурстарынын жетишсиздигин жоюу жана маалымат-коммуникация технология тармагындагы тоскоолдуктарды жоюу, санарип экономика шартында керектүү адистерди даярдоо боюнча иш-чараларды регионалдык жана улуттук деңгээлде өткөрүү пландаштырылган. Мындан тышкары, санарип технологияларды өнүктүрүү максатында жүргүзүлгөн изилдөөлөргө, "интеллектуалдык" жаңы иш орундарын ачууга, регионалдык жана глобалдык атаандашууну өнүктүргөн жергиликтүү новатордук фирмаларга жана жаштарга көмөк көрсөтүлөт.

Бүгүнкү күндө биз Бириккен улуттар уюмунун өнүктүрүү программасы менен расмий түрдө өнөктөшүүгө даярдык көрүп жатабыз. Санарип жөндөмдөрүн өнүктүрүү үчүн жаңы билим берүү стандартын иштеп чыгууну, окутуу үчүн санарип платформаны түзүүнү, мындан тышкары, ар тараптуу тренингдерди, окутуу курстарын өткөрүүнү жана Регионалдык компетенттүүлүк борборун ачууну пландаштыруудабыз.

- Жогорку квалификациялуу IT-адистер болбосо, өлкөнү санариптештирүү мүмкүн эмес, Кыргызстанда адистерди даярдоого шарттар барбы?

- Чынында биз бул маселени алдыңкы орунга коебуз. Себеби Жогорку квалификациялуу IT-адистер жетиштүү болгон учурда санарип технологияларды колдонуу жемишин берет. Бүгүнкү күндө өлкөдөгү адистерибиз өз ордун табуусу үчүн ыңгайлуу шарттар түзүлүп, билим берүү тармагында бир нече кадамдар ташталды.

Мындан тышкары, маалыматтык-агартуучу иш-чаралар өткөрүлүп, пикир, тажрыйба алмашуучу аянтчалар түзүлгөн. Өлкөдөгү IT тармагына маалыматтык колдоо көрсөтүлүп, чет өлкөгө экспорттолгон IT кызматтарын көбөйтүү максатында ар тараптуу иш-чаралар өткөрүлдү.

Буга мисал катары "Digital CASA – КР" долбоору менен кызматташуу меморандумун түзгөн Жогорку технологиялар паркы (ЖТП) боло алат. ЖТП – улуттук IT компанияларга көмөк көрсөтүү максатында түзүлгөн. Ага карата салыктар жеңилдетилген.

Мамлекеттин колдоосу менен санарип бизнестин дүйнөлүк рынокто тең таймашууга жетишкендигинин эң жакшы үлгүсү – Жогорку технологиялар паркынын ишинин жемиши болуп саналат. Бүгүнкү күндө ЖТПнын резиденттеринин кирешеси жылдан жылга өсүүдө. Акыркы маалыматка ылайык, бир жылдык киреше 950 млн. сомдон жогору. Анын 90%дан көбү IT кызматтарды экспорттоодон улам түшкөн каражат экенин баса белгилөө зарыл.

Бирок, санариптештирүү бир гана IT тармагы менен чектелет дегенден алыс болушубуз керек. Бул түшүнүк андан да кеңири жана терең. Эгерде санарип "жөндөм" тууралуу кеп кыла турган болсок, ал жакынкы арада акылдуу чечим аркылуу жоюлбас же алмашылгыс бардык кесиптердин башатында турат. Маселен, санарип юристтер, технологдор, экономисттер, маркетологдор ж.б.

- Ааламдашуу доорунда улуттук санарип контентинин өнүгүүсү кандай болот? Бул эки түшүнүк бири-бири менен кандай байланышта?

- Бул суроого жооп берүү үчүн кайрадан Санарип трансформация концепциясы тууралуу айта кетейин. Бул концепцияда коомго жана өлкө экономикасына артыкчылыктарды алып келчү негизги фактор катары санарип контент белгиленген. Кыргыз Интернет сегментинде жарандардын талаптарын канааттандырган кыргыз тилдүү контенттин жетишсиздигинен улам, региондогу көпчүлүк жарандарыбыз Интернет айдыңындагы артыкчылыктарды байкабай жатат. Бул жагдайды өзгөртүүбүз зарыл! Элге өзү жашап, иштеген коомдо колдонулчу эне тилиндеги контент маанилүү. Улуттук санарип контентин мамлекеттик тилде элге кеңири жайылтуу менен жумушсуздук көйгөйүн да азайтуу мүмкүн.

Дүйнөлүк ааламдашуу доорундагы өзгөрүүлөргө карабай, улуттук өзгөчөлүктөрдү сактап, "эки чылбыр бир тизгинди" колго алуубуз керек.

Маселен, ЮНЕСКО "жергиликтүү контентти" "билимди жана тажрыйбаны жергиликтүү коомдун талабына ыңгайлаштырып өткөрүп берүү" деп баалайт.

- Digiskills платформасы деген эмне? Ал жарандарга жана өнөктөштөргө кандай артыкчылык берет?

- Digiskills.kg - өнөктөштөрдүн өнүгүүгө багытталган бардык ресурстарын камтыган платформа. Анда донорлордун, бизнес сектордун, билим берүү жана изилдөөчү мекемелердин, мамлекеттик органдардын санарип жөндөмгө жана компентентүүлүккө тиешелүү бардык маалыматы камтылган. Бул платформаны түзүү демилгеси КРнын Маалыматтык технологиялар жана байланыш мамлекеттик комитетине таандык.

Платформа маалыматты кайталоо максатында эмес, тескерисинче, колдонуучуларга ыңгайлуу болуш үчүн санарип жөндөмгө тиешелүү контентти бир жерде чогултуу максатында түзүлгөн. Учурда ал иштелип чыгып, тесттик түрдө ишке кирди.

Азыркы тапта уникалдуу контентти иштеп чыгуу пландаштырылууда. Ал атайын иштелип чыккан стандарттарга ылайык жасалып, тармакка жайгаштырылат.

Бүгүнкү күндө бул долбоордун14 өнөктөшү жана 9 тренердин контенти бар.

Мындан тышкары, Data Knowledge Hub концепциясы иштелип чыгууда. Ал 3 бөлүктөн турат: 1) дата-журналистиканы өнүктүрүү; 2) маалымат базаларын чакан жана орто бизнес үчүн, коомдук уюмдар, бирикмелер, эл аралык уюмдар, коммерциялык структуралардын иши үчүн колдонуу; 3) Data science (маалыматтарды талдоо жана изилдоо илими).

Азыркы тапта бул багытта иш алып барчу эксперттерди тартуу аракетин көрүп жатабыз. Эксперттер маалымат базаларын туура пайдалануу менен иш алып баруу боюнча окутуучу видеоматериалдарды иштеп чыгуусу зарыл.

- Санарип жөндөм тууралуу сиздин жарандарга кыскача кайрылууңуз?

- Мен санарип доордун баалуулуктарынын бирин айтар элем – өмүр өткөнчө ар дайым өз алдынча билим алууга умтулуу керек. Мындай көз карашта болуп, билимиңизди өзүңүз туура нукка бурсаңыз, эмгек рыногунда сизге болгон талап ар дайым күчөйт жана сизге аттаандаштык артыкчылыктарды берип турат.

Жасалма интеллект жана биотехнологиялар өсүп-өнүккөн мезгилде адамзатка коюлган талап зор, бул – көбөйүп келе жаткан жана жаңы деңгээлдеги манипуляцияны акыл-эстүүлүк менен таанып-билүү жана андан коргонуу жөндөмдөрү. Ал эми азыркы тапта бул көрүнүш кандай абалда экенин толук элестетүү мүмкүн эмес.

Келечекте адамдын санарип жөндөмү анын коомдогу ордун, өлкөнүн дүйнө жүзүндө ээлеген ордун аныктап калат деп айтылууда.

Мындан тышкары, өзүн өзү окутуунун маанилүү экенин тастыктаган эл аралык изилдөөлөрдүн жыйынтыгы менен бөлүшкүм келди. Анда санарип доордо адам өзүн жана балдарын окутуп туруусу, критикалык ой-жүгүртүүнү калыптандыруусу жана санарип гигиенаны сактоосу маанилүү деп айтылат. Окумуштуулардын айтымында, экранга короткон убакытты чектөө, тескерисинче, терс таасирин берет.

Жыйынтыктап айтканда, ар бир жарандын жана жалпы коомдун акыл калчап, чечим чыгарышы бүтүндөй өлкөнүн учурда калыптанып келе жаткан дүйнөлүк санарип картасындагы ордун аныктайт.

Сен "машинага айланган адамдардын" катарын толуктайсынбы, "санарип аутизм" аттуу илдетке чалдыгасыңбы же доорубуздагы ыкчам өзгөрүүлөргө ийкемдүү болгон инновациянын жарчысы болосуңбу-тандоо өзүндө. Менин тандоом – "Санарип мЕн. Санарип Кыргызстан. Санариптүү бол!"

Бул сайтка чыккан маалыматтын бардыгы Bilesinbi.kg сайтынын менчиги болуп саналат. Сайтка чыккан маалыматты гиппер шилтемесиз колдонууга тыюу салынат.
Анонимдүү колдонуучунун суроосу модератор текшергенден кийин гана сайтка жайгаштырылат. Эгер сиздин сурооңуз тез жайгашсын десеңиз анда биздин социалдык түйүндөрдүн бирине катталыңыз.
Ɵзүн туура алып жүрүү
биздин сайтта:
сөгүнгөн сөздөрдү жазганга болбойт
суроолорду ким жазса, ага карата мазактаган, шылдыңдаган сөздөрдү жазууга болбой
кимдир бирөөлөрдү коркутуп үркүтүү, же жекеме-жеке сүйлөшүүгө чакырууга болбойт
дискусиянын катышуучуларынын кадыр баркына шек келтирүүгө, басынтууга болбойт
КР нын мыйзамына каршы келген жоопторду чыгарууга болбойт
жоопторду транслитке чыгарууга болбойт
жоопторду башкы тамгалар менен бөлүп чыгарууга болбойт
адамдардын тутунган динине, улутуна асылган, басынткан сөздөрдү жазып чыгарууга болбойт
бир эле суроого ар кайсы ник менен жазууга болбойт
ник менен сөгүнүп сагынган сөздөрдү жазууга болбойт
суроого тиешеси жок жоопторду жазууга болбойт