// //

Бул кеңештер "ортобуз муздап баратат" деген жубайларга жардам берет

2018.11.10, 13:07
1998

Иштеп акча таап, балдарды бутка тургузуу керек деп жүрүп бири-бириңерге болгон сезимдер муздай баштадыбы? Көңүлүңөрдү чөктүрбөгүлө. Сууп бараткан мамилени кайрадан жандандырса болот. 

Баары кантип башталганын эстегиле

Убакыттын өтүшү менен чыдамкайлуулукту, назиктикти, кабыл алууну жана түшүнүүнү жоготобуз. Эстесек ортодогу мамиле дал ушул сезимдер менен башталган. Жубайыңды сүйүүгө толгон көздөр менен кароо үчүн буларды кайтаруу керек. Чогуу олтуруп алып биринчи жолугушууну, жагымдуу күндөрдү эстегиле.

Ачык сүйлөшкүлө

Көп учурда жубайыбызды баарын билген экстрасенс деп ойлойбуз. Айтылбай калган каалоолор конкреттүү күтүүлөрдү пайда кылат. Күтүүлөрүбүз орундалбаса ортодогу мамиленин бекемдигинен күмөн санай баштайбыз. Андыктан эмне каалап жатканыңды жөн гана айтып коюу эң мыкты чечим.

3 ой - 3 окуя

Күндө кечинде бири-бириңерге бир күн ичинде силерге таасир берген үч окуяны же үч маанилүү ойду айтууну адат кылгыла. Жыйынтыгында ортодогу баарлашуу жандаганын көрүп  таң каласыңар.

Бош убактыңарды өзгөчө кылып өткөргүлө

Диванда олтурганга, сыналгы астында тамак жегенге жетишесиңер, саякатты издегиле. Романтикалуу кечтер, жолугушуу уюштурууга 10 жер: идеялар абдан көп, болгону ой жүгүртүү керек. 

Жумушту жана ага байланыштуу көйгөйлөрдү үйгө алып келбегиле

Үй-бүлө дагы көңүл бурууну талап кылган маанилүү жумуш экенин унутпа. Көп учурда жубайыбыз сүйлөп жатканда башка нерсе тууралуу ойлонобуз. Бул аракетибиз көңүлүн түшүрүп, ачуусун келтирет.

Урушуп-талашсаңар тыныгуу алгыла

Ачууланып, жарылайын деп турсаң да өзүңдү колго ал. "Токтоп туралы, 10 мүнөт же бир күндөн кийин сүйлөшөлү" деп белгилүү бир мөөнөткө чейин тыныгуу алгыла. Эмоциялар басаңдаганда гана, суроого татыктуу жооп табылат.

Бул сайтка чыккан маалыматтын бардыгы Bilesinbi.kg сайтынын менчиги болуп саналат. Сайтка чыккан маалыматты гиппер шилтемесиз колдонууга тыюу салынат.
Анонимдүү колдонуучунун суроосу модератор текшергенден кийин гана сайтка жайгаштырылат. Эгер сиздин сурооңуз тез жайгашсын десеңиз анда биздин социалдык түйүндөрдүн бирине катталыңыз.
Ɵзүн туура алып жүрүү
биздин сайтта:
сөгүнгөн сөздөрдү жазганга болбойт
суроолорду ким жазса, ага карата мазактаган, шылдыңдаган сөздөрдү жазууга болбой
кимдир бирөөлөрдү коркутуп үркүтүү, же жекеме-жеке сүйлөшүүгө чакырууга болбойт
дискусиянын катышуучуларынын кадыр баркына шек келтирүүгө, басынтууга болбойт
КР нын мыйзамына каршы келген жоопторду чыгарууга болбойт
жоопторду транслитке чыгарууга болбойт
жоопторду башкы тамгалар менен бөлүп чыгарууга болбойт
адамдардын тутунган динине, улутуна асылган, басынткан сөздөрдү жазып чыгарууга болбойт
бир эле суроого ар кайсы ник менен жазууга болбойт
ник менен сөгүнүп сагынган сөздөрдү жазууга болбойт
суроого тиешеси жок жоопторду жазууга болбойт