// //

Беш кызымды беш жакка чачыраткысы келген кайын энем конфет көтөрүп келди

2020.01.18, 12:31
3760

Bilesinbi.kg жаштар долбоору ар бир келген суроолордун анонимдүүлүгүн сактап, тиешелүү адистерден бекер жооп алып берип келет.

Алтынай: бешинчи ирет кыздуу болгондо, үйдө чоң ызы-чуу чыкты

“Дагы кыз бекен!” Бул сөзгө менин аллергиям бар. Төрөтканага келген кайын энем куттуктап бетимден өпкөндүн ордуна ушинтет. Жанымда жаткан келиндерге суктанам. Кайын энелери сүт чайын кайнатып, жылуу байпактарды токуп көтөрүп киришсе кадимкидей көрө албай кетем. Себеби меники ар дайым кур келет. Күйөөм же өз апамды күтүп ачка жатам.

Төртүнчү ирет кыздуу болгондо күйөөм келбей койду. Аябай күттүм. Эки күндөн соң гүл көтөрүп кечирим сурап келди. Эмне болгонун кийин билдим. Көрсө, кайын энем “болду барба, апасы чыгарып үйүнө алып кетсин” деп жолун тороп алыптыр.

“Апалап” көңүлүн карап турчумун. Ошондо да жакпадым. Көрүнгөнгө жамандаганын койбоду. Эмне деген гана сөздөрдү укпадым, бул тууралуу азыр эстегим келбейт. Күйөөм үйдүн жалгыз уулу, эки эжеси, бир карындашы бар. Биз өзүнчө турчубуз. Кайын энем кудайдын куттуу күнү үйгө келип, “баламдын башын айлантып алгансың, ошон үчүн сенден кетпей жүрөт” деп мага лекция окуйт.

Чоң энедей болуп кыздарымды бир да жолу эркелетпеди. Себеби анык, алар “кыз”.

Кыздарым чоңойгон сайын өздөрү эле чоң энесинен алыстай баштады. Албетте, үйүнө барса башка неберелеринен бөлүп, жегендерин санап турган адамга ким эле тартылсын. “Чоң апаңарга” барып келгиле десем кадимкидей качышат. Кичүү кызымдын бир сүрөтү эсимде. Бала бакчадан үй-бүлөңөр жөнүндө тарткыла деген тапшырма бериптир. Кызым баарыбыз чогуу кол кармашып турганыбызды тартып, кайын энемди өзүнчө чет жакка тургузуп коюптур. Көрсө, бала деле сезет экен да.

Бешинчи ирет кыздуу болгондо, үйдө чоң ызы-чуу чыкты. Кайын энем келип уулунун аркасынан тукум калбаганын айтып, “итти кет десең да кетет, а сен жабыштың да калдың” деп мага кол көтөрдү. Кыздарым бурчта ыйлап турушту. Ызы-чуунун айынан күйөөмдүн жүрөгү кармап калды. Тез жардам келгиче үзүлүп кете берди.

Бечера күйөөм апасын жакшы көрчү. Туура эмес кылып жатканын көрсө да каршы сөз айтчу эмес. Кыздары менен мени кыя албай ортодо чайналып оорукчан болуп калды. Акыры минтип бизди таштап кете берди.

“Беш кызын беш жакка чачыратып, үйдү бошотуп кел” деп, кайын эжемди жибериптир. Өзүмдүн апам алып кетти. Кайын энемди ошондон кийин көргөн жокпуз.

Андан кийин кандай кыйынчылыктар болгонун айтпай эле коеюн. Эң негизгиси азыр кыздарым алдыңкы университетте окуп жатат. Баары акылдуу. Атасын ар дайым эстеп, куран окуп турабыз. Себеби күйөөм бизге өмүр бою эсте кала тургандай жылуу мамиле жасаган. Кыздарын баарынан жакшы көрчү. Баса, жакында шаардан батир сатып алдык. 

Чай ичип отурганбыз. Эшиктин коңгуроосу басылды. Ачсам аябай карып, жүдөп калган кайын энем кайын эжемди колтуктап турат. Колунда конфети бар экен.

Эскертүү: каармандардын аты өзгөртүлдү.

Башкы беттеги илюстративдүү сүрөт. 

Бул жерден башка кызыктуу макалаларды окусаңыз болот:

Күйөөмө жатыным жок экенин айтсам, берген жообу таң калтырды

Апамды 10 баласы менен таштап кеткен атам бутубузга турганда кайтып келди

Күйөөмдүн төрт жашар кызы мени “мастан кемпир” дечү

“Туубас катын” дешип келиндер мен колдонгон буюмдарды кармашчу эмес

Кайын энем мени конокко жибербей койсо, күйөөм өзү кетип калат

Алты кыздын атасы болгондон бери уктабай калдым

Кызымды күйөөсү менен жаныма алып калганыма өкүндүм

"Калың бербейт экенсиң" деп кызымдын жигитин кууп чыкканыма өкүндүм

Кыздуу болгондон кийин аялымды сыйлап калдым

Бул сайтка чыккан маалыматтын бардыгы Bilesinbi.kg сайтынын менчиги болуп саналат. Сайтка чыккан маалыматты гиппер шилтемесиз колдонууга тыюу салынат.
Анонимдүү колдонуучунун суроосу модератор текшергенден кийин гана сайтка жайгаштырылат. Эгер сиздин сурооңуз тез жайгашсын десеңиз анда биздин социалдык түйүндөрдүн бирине катталыңыз.
Ɵзүн туура алып жүрүү
биздин сайтта:
сөгүнгөн сөздөрдү жазганга болбойт
суроолорду ким жазса, ага карата мазактаган, шылдыңдаган сөздөрдү жазууга болбой
кимдир бирөөлөрдү коркутуп үркүтүү, же жекеме-жеке сүйлөшүүгө чакырууга болбойт
дискусиянын катышуучуларынын кадыр баркына шек келтирүүгө, басынтууга болбойт
КР нын мыйзамына каршы келген жоопторду чыгарууга болбойт
жоопторду транслитке чыгарууга болбойт
жоопторду башкы тамгалар менен бөлүп чыгарууга болбойт
адамдардын тутунган динине, улутуна асылган, басынткан сөздөрдү жазып чыгарууга болбойт
бир эле суроого ар кайсы ник менен жазууга болбойт
ник менен сөгүнүп сагынган сөздөрдү жазууга болбойт
суроого тиешеси жок жоопторду жазууга болбойт