// //

Күйөөмдүн төрт жашар кызы мени “мастан кемпир” дечү

2020.01.14, 18:00
19931

“Учурашпайм!”. Төрт жаштагы кыздын мынчалык акылдуу болоорун билген эмесмин. Шарт бурулуп бөлмөсүнө чуркап кетти. Самарбек эмне кылаарын билбей, оңтойсуз абалда калды. “Эч нерсе болбойт, биз бат эле дос болуп кетебиз” деп жоошуттум. Бирок, эмнегедир айткандарыма өзүм ишенген жокмун.

Жаңы таанышканда эле колунда кичинекей кызы бар экенин айткан. Бул нерсе мени чочуткан жок. Себеби экөөбүздө тең бир көрүп сүйүү болгон. Ал кызым кандай кабыл алат десе, мен туугандарым кандай кабыл алат деп мамилебизди бир жылдай жашырдык. Акыры ачыкка чыгууну туура көрдүк.

Самарбектин аялы эки жыл мурун катуу оорудан каза болуп калыптыр.

Жакында турмушка чыга турганымды айтканда, ата-энем каршы болду.  Атам “жалгыз кызымды аялы өлгөн кишиге бербейм!”, - деп ызы-чуу салды. Акыркы чекитти чоң энем койду: “Кыздын өзүнүн тандоосу, турмушуна кийлигишпегиле!”

Алия бала бакчага барат экен. “Сен баба ягасың” деп мени өзүнө жолотчу эмес. Тамак куюп берсем, төгүп салчу. “Жаныма жатпа!” деп түндө атасы менен уктачу. Эртең менен мен даярдаган көйнөктөрдү кийбей ызы-чуу салат. Кайын энем келген сайын мени жамандап, "мени урду", "урушту" деп жок нерсени айтып даттанат. Бул жерден кайын энеме да рахмат айткым келет. Кызга кошулуп мени жектеген жок, кайра ага туура түшүндүрг аракет кылып жүрдү.

Эмне деген гана сөздөрдү айтпады. Самарбекке эч нерсе дечү эмесмин. Ага көрсөтпөй көз жашымды көп жолу сүртүп жүрдүм.

Көйнөктөрүмдү кыркып, боектерумду сындырып, сумкамды балкондон ары ыргытып жиберген күндөрү болду. Ошондо да, Алияга катуу сүйлөгөн жокмун. Апасынан кичинесинен ажырап калганы аз келгенсип, үстүнөн мен урушсам байкуш мындан да таш боор болуп калат, деп ойлодум. Эң негизгиси кичинекей бала экенин эсимден чыгарган жокмун. “Алиюшка” деп эркелетип, башынан сылап, көңүлүн тапканга аракет кылып жүрдүм.

Бир күнү ашканада пирог бышырып жатсам, Алия жаныма басып келди.  

- Мен сенин пирогуңду жебейм, даамдуу эмес!

- Сен өзүң бышыра аласыңбы?

- Ооба.

- Кана мага көрсөтчү.

- Мунун үстүнө алма анан банан коет.

- Эх, чын эле пирог бышырганды билбейт экенмин.

- Мен үйрөтөм.

Бара-бара мага болгон мамилеси жылый баштады. Чачын жасап берсем сүйүнүп бийлейт. Чогуу дүкөнгө көйнөк алганы барабыз. Бала-бакчадан өзүм тосуп алам. Отуруп алып бири-бирибиздин тырмактарыбызды боейбуз. Айтор, ынак курбудай эле болуп калдык.

Бир күнү мультфильм көрүп отурганбыз. Карасам, уйкусу келип калыптыр. Акырын көтөрүп ордуна алып баратсам, “апа, бүгүн сиздин жаныңызга жатайынчы” деди. Мен бул күндү ушунча күткөм.  

Каармандардын аты өзгөртүлдү. Башкы беттеги илюстративдүү сүрөт.

Бул жерден башка кызыктуу макалаларды окусаңыз болот:

“Туубас катын” дешип келиндер мен колдонгон буюмдарды кармашчу эмес

Кайын энем мени конокко жибербей койсо, күйөөм өзү кетип калат

Алты кыздын атасы болгондон бери уктабай калдым

Кызымды күйөөсү менен жаныма алып калганыма өкүндүм

"Калың бербейт экенсиң" деп кызымдын жигитин кууп чыкканыма өкүндүм

Кыздуу болгондон кийин аялымды сыйлап калдым

Бул сайтка чыккан маалыматтын бардыгы Bilesinbi.kg сайтынын менчиги болуп саналат. Сайтка чыккан маалыматты гиппер шилтемесиз колдонууга тыюу салынат.
Анонимдүү колдонуучунун суроосу модератор текшергенден кийин гана сайтка жайгаштырылат. Эгер сиздин сурооңуз тез жайгашсын десеңиз анда биздин социалдык түйүндөрдүн бирине катталыңыз.
Ɵзүн туура алып жүрүү
биздин сайтта:
сөгүнгөн сөздөрдү жазганга болбойт
суроолорду ким жазса, ага карата мазактаган, шылдыңдаган сөздөрдү жазууга болбой
кимдир бирөөлөрдү коркутуп үркүтүү, же жекеме-жеке сүйлөшүүгө чакырууга болбойт
дискусиянын катышуучуларынын кадыр баркына шек келтирүүгө, басынтууга болбойт
КР нын мыйзамына каршы келген жоопторду чыгарууга болбойт
жоопторду транслитке чыгарууга болбойт
жоопторду башкы тамгалар менен бөлүп чыгарууга болбойт
адамдардын тутунган динине, улутуна асылган, басынткан сөздөрдү жазып чыгарууга болбойт
бир эле суроого ар кайсы ник менен жазууга болбойт
ник менен сөгүнүп сагынган сөздөрдү жазууга болбойт
суроого тиешеси жок жоопторду жазууга болбойт