// //

Апам “сени окутуш үчүн эмес, бала карасын деп төрөгөм” дегенде оозум ачылды

2020.01.16, 16:30
3080

“Үйдүн кичүүсү болгончо, иттин күчүгү болгонуң оң” деп коюшат эмеспи. Мен бул сөздү мындай кылып өзгөртмөкмүн, “Үйдүн улуусу болгончо, иттин күчүгү болгонуң оң”.

Эки миңинчи жылдар. Айылда жашайбыз. Апам кошуна эженин дүкөнүндө сатуучу болуп иштейт. Атам почта кызматкери, чал-кемпирлерге пенсия таратат. Кана, тапкылачы. Экөө жумушка кеткенде үй иштерин ким кылат? Албетте, мен.

Өзүм алтынчы класста окуйм. Сабак бүткөндө классташтарым ойногону жөнөшсө, мен үйгө чуркайм. Беш мүнөт кечиксем апам урушат. Үй менен короо иштерин бери кой, эки иним менен жаңы төрөлгөн бир сиңдим менин мойнумда. Бир иним тубаса майып, баса албайт. Баарын түштө уктатып коюп, сабагымды даярдайм. Кээде жетише албай калганда түнкүсүн уктабай жасап чыгам.

Атамдар жумуштан келгенче тамак бышырып, тамактанып бүткөндөн кийин идиштерди жууп, өзүмдөн эки эсе чоң жууркандарды ташып, төшөктөрүн салып берем. Эртең менен кайра жыйнайм. Кышында көчөнүн башынан суу алып келип, кирлерди жууйм. Апам сиңдимди эмизип бүтөөрү менен, “ мэ, алып кет” деп мага берет.

Билесиңерби, аябай мультфильм көргүм келчү, бирок убактым жок болчу. 

Жазга маал жумуш көбөйөт. Койлор төлдөп баштаганда атама кошулуп алып козуларын тазалап, энелери карабай койгондоруна сүт берип, сарайда жүрөм. Кызык, азыр эстесем, бир да жолу “жасабайм” деп айтпаптырмын. 

Он биринчи класс болдум. Экзамендердин баарын жакшы тапшырдым. Бүтүрүү кечесине атам жөнөтпөй койду. Бир нерсени айтып коеюн, ата-энем бир да жолу чогулушума барган эмес. Беш алсам, грамота менен сыйлансам мактап бетимен өпкөн эмес.

Акыркы экзаменимди тапшырып жүргөндө, жагымдуу кабар уктум. Жазында бир университеттен адамдар келип, баарыбыздан тест алып кеткен. Класстан мен эле бюджетке өтүпмүн. “Ураа, ураа”, үйгө чуркап кирип бардым. Атам менен апам койдун жүнүн кыркып отурушуптур.

- Мен сени окутуш үчүн эмес, бала карасын, мага жардам берсин деп төрөгөм. Эмне деген университет? Кайда барганы жатасың? Иниңди ким карайт? Чоңойтуп койгондон кийин ушинетет экенсиң да!

- Мен дарыгер болгум келет. Окуп билим алсам иниме жардамым тиет. Үйдө отура берсем ушул бойдон ...

- Тилиң чыгып калдыбы? Бар сиңдиң ыйлап жатат, ойгонду окшойт!

Эмне? Инимди кароо үчүн төрөлдүм беле? Ушундай да болушу мүмкүнбү? Окугум келгени менен эч кимдин иши жокпу? Түнү менен ыйлап чыктым. Ата-энеме көп нерсе айткым келди, бирок, баары бир мени угушмак эмес.

Эртеси мугалим эжейиме жолугуп, ата-энемди көндүрүп бериңиз деп сурандым. Ал үйгө барып ата-энем менен сүйлөштү. Университеттен да адамдар келип, бюджетке өткөнүмдү, экөө акча бербей тургандарын билдиришти. Акыры атам бир коюн сатып шаарга жөнөттү.

Тырышып окуп жүрүп стипендияга жеттим, беш-алты жолу чет өлкөгө практикага барып келдим. Окууну бүтпөй жатып бир чет элдик бейтапкана жумушка чакырды. Ийгиликтерим айылга жайылып, кошуналар ата-энемди жөн өткөрбөй калышты. Биринчи айлыгыма иниме майыптар коляскасын сатып бердим. Байкушум, "эми эки жакка өз алдынча чыга алам" деп аябай сүйүндү. 

Тагдырыма моюн сунуп, окууга барбай койсом эмне болмок экенин ойлогум да келбейт. Мен азыр бактылуумун. Башым билимге толтура, көптөгөн жерлерди көрдүм, миңдеген бейтаптарга операция жасап өмүрүн сактап калдым, инимди чет жакка алып барып дарылатып келдим. Азыр үйгө барган сайын ата-энем мени менен сыймыктанып жатканын айтышат. 

Башкы беттеги илюстративдүү сүрөт.

Бул жерден башка кызыктуу макалаларды окусаңыз болот:

Күйөөмө жатыным жок экенин айтсам, берген жообу таң калтырды

Апамды 10 баласы менен таштап кеткен атам бутубузга турганда кайтып келди

Күйөөмдүн төрт жашар кызы мени “мастан кемпир” дечү

“Туубас катын” дешип келиндер мен колдонгон буюмдарды кармашчу эмес

Кайын энем мени конокко жибербей койсо, күйөөм өзү кетип калат

Алты кыздын атасы болгондон бери уктабай калдым

Кызымды күйөөсү менен жаныма алып калганыма өкүндүм

"Калың бербейт экенсиң" деп кызымдын жигитин кууп чыкканыма өкүндүм

Кыздуу болгондон кийин аялымды сыйлап калдым

Бул сайтка чыккан маалыматтын бардыгы Bilesinbi.kg сайтынын менчиги болуп саналат. Сайтка чыккан маалыматты гиппер шилтемесиз колдонууга тыюу салынат.
Анонимдүү колдонуучунун суроосу модератор текшергенден кийин гана сайтка жайгаштырылат. Эгер сиздин сурооңуз тез жайгашсын десеңиз анда биздин социалдык түйүндөрдүн бирине катталыңыз.
Ɵзүн туура алып жүрүү
биздин сайтта:
сөгүнгөн сөздөрдү жазганга болбойт
суроолорду ким жазса, ага карата мазактаган, шылдыңдаган сөздөрдү жазууга болбой
кимдир бирөөлөрдү коркутуп үркүтүү, же жекеме-жеке сүйлөшүүгө чакырууга болбойт
дискусиянын катышуучуларынын кадыр баркына шек келтирүүгө, басынтууга болбойт
КР нын мыйзамына каршы келген жоопторду чыгарууга болбойт
жоопторду транслитке чыгарууга болбойт
жоопторду башкы тамгалар менен бөлүп чыгарууга болбойт
адамдардын тутунган динине, улутуна асылган, басынткан сөздөрдү жазып чыгарууга болбойт
бир эле суроого ар кайсы ник менен жазууга болбойт
ник менен сөгүнүп сагынган сөздөрдү жазууга болбойт
суроого тиешеси жок жоопторду жазууга болбойт