// //

Кытайда билим алуу оңой эмес, тил билүү деңгээлиң жакшы болууга тийиш

2020.01.14, 17:06
2198

Абдурасулова Беназир учурда Кытайдын Шанхай шаарында, Чыгыш-Кытай педагогика университетинин магистратурасында окуп жаткан кези. Ал жака кандайча барып калганын Bilesinbi.kg сайтына айтып берди.

Дүйнөнү кытайлар басып алат, же окуу жайды туура тандоо

11-класста окуп жүргөнүмдө эле кайсы университетке тапшыра турганымды чечип койгом. Атам, “дүйнөнү кытайлар басып алат, кытай тилин билип алсаңар ашыктык кылбайт” – деп көп айта берчү. Ошондуктан 2013-жылы Ош Мамлекеттик Университетине караштуу Конфуций институтуна тапшырдым. Бул институт Кытайдын көптөгөн жогорку окуу жайлары менен кызматташкандыктан, Кытайга кетүү мүмкүнчүлүктөр жогору.

Биринчи жолу экинчи курсумда окуп жүргөнүмдө, Үрүмчү шаарына 1 семестрге барып келүү жолдомосун утуп алдым. Экинчи жолу 2016-жылы дагы бир сынакка катышып, Пекин шаарына 7 күндүк турун жеңип алгам. Ошондо Кыргызстандан үч кыз барып келгенбиз.

Мугалимдердин колдоосу

Университетти бүтүргөндөн кийин мугалимдеримдин колдоосу менен педагогика тармагында мыкты университеттердин катарына кирген, Шанхай шаарындагы Чыгыш-Кытай педагогика университетинин магистратурасына, гранттык негизде өттүм.

Бардык документтеримди институттун атынан жөнөткөм. Кабыл алып жаткан университеттен чакыруу баракчасы келгенде аябай кубангам. Дароо виза алууга камдана баштадым. Ал үчүн Бишкектеги агенттиктердин бирине кайрылып, 200$ доллар төлөдүк. Бактыма, агенттик өз ишин мыкты билген ишкана экен, эки жуманын ичинде визам даяр болуп калды.

Бирок алардын арасында шылуундар да көп. Студенттерди акмалап, акчасын алып коюп, же визадан жок же акчадан жок, кылып “кидать” этип кеткендерди да жолуктурдук. Ошондуктан этият болуу керек.

Кытайдагы жатаканалар

Кытайга келген жылы бизди начарыраак жатаканага жайгаштырып коюшту. Бөлмөбүз 6-кабатта, кухня 1-кабатта, лифт жок. Мындай шартта күндө тамак жасап жеген кыйын болуп калат экен.

Студенттерди бир бөлмөгө экиден жайгаштырып, ар бирине төшөнчү, шейшеп беришет. Бирок өзүңдүн шейшептериңди алып алганын оң.

Кийинки жылы башка жатаканага которулдук. Анын бөлмөлөрү кенен, ар бир кабатында өзүнчө ашканасы бар экен. Көпчүлүгү тамак ашын өздөрү жасап жешет. Мен да жумасына бир нече жолу тамак даярдап, булочка, печеье бышырып турам.

Негизи эле, Кытайда тамак-аштан көп деле кыйналбайсың. Бул жакта уйгур, түрк, араб, өзбек, орус ашканалары бар. Тамактын түрү көп анан даамду болгондуктан, жаңы келген студенттердин басымдуусу толуп кетишет.

Билим алуу оңой болгон жок

Алгачкы айларда, көнө албай аябай кыйналдым. Тил билүү деңгээлим башкалардыкына салыштырмалуу төмөн. Бардык кагаз иштери электрондошкон. Сабактардын жүгүртмөсү, коюлган баалар, калып калган сабактарды кайра тапшыруу, бардыгын атайын сайтка кирип карап турушуң керек. Бирок тырышып жүруп бардыгын өздөштүрүп кеттим.

Эки жыл гранттын негизинде окудум. Окуум жана жаткан жерим акысыз болчу. Бирок үчүнчү жылга да калууну чечкендиктен, быйыл контракт төлөп жатам. Негизи, магистрлерге ай сайын стипендия берилет. Сомго которгондо 30 000 сомго чукул болуп калат. Анын ичинен тамак ашка эле 20 000 кетип калат.

Каникулдары Кыргызстандагы студенттердикине эле окшош. Жайкы, кышкы эс алуу бар. Мен жылына бир жолу, жайкысын Ошко, ата-энемдикине барып келип турам. Бир тарапка билетти өзүм сатып алам, кайра Кытайга ата-энем жөнөтүшөт.

Кошумча иштеп, акча табуу мүмкүнчүлүктөрү көп

Шанхай абдан кызыктуу, күн санап өзгөрүүлөр болуп турган шаар. Кече эле универсситеттин капталында чакан кафе бар эле, бүгүн алып салышыптыр. Курулуш иштери өтө тез, ыкчам жүргүзүлөт.

Кошумча иштеп акча табууга мүмкүнчүлүктөр абдан көп. Өзгөчө чачы сары, көзү көк европалыктарды аябай жакшы көрүшөт. Мен окууга тапшырган жылы эле балдар бакчасына орношуп алгам. Балдарга англис жана кытай тилинде сабак берем. Күнүно 2 сааттан иштейм. Айлыгым жакшы, баскан турганыма кенен жетет.

Быйыл окуумду аяктайм. Бүтүргөндөн кийин сүйүктүү шаарым Ошко кайтып барам да, өзүм билим алган университетиме мугалим болуп орношом.

Бул сайтка чыккан маалыматтын бардыгы Bilesinbi.kg сайтынын менчиги болуп саналат. Сайтка чыккан маалыматты гиппер шилтемесиз колдонууга тыюу салынат.
Анонимдүү колдонуучунун суроосу модератор текшергенден кийин гана сайтка жайгаштырылат. Эгер сиздин сурооңуз тез жайгашсын десеңиз анда биздин социалдык түйүндөрдүн бирине катталыңыз.
Ɵзүн туура алып жүрүү
биздин сайтта:
сөгүнгөн сөздөрдү жазганга болбойт
суроолорду ким жазса, ага карата мазактаган, шылдыңдаган сөздөрдү жазууга болбой
кимдир бирөөлөрдү коркутуп үркүтүү, же жекеме-жеке сүйлөшүүгө чакырууга болбойт
дискусиянын катышуучуларынын кадыр баркына шек келтирүүгө, басынтууга болбойт
КР нын мыйзамына каршы келген жоопторду чыгарууга болбойт
жоопторду транслитке чыгарууга болбойт
жоопторду башкы тамгалар менен бөлүп чыгарууга болбойт
адамдардын тутунган динине, улутуна асылган, басынткан сөздөрдү жазып чыгарууга болбойт
бир эле суроого ар кайсы ник менен жазууга болбойт
ник менен сөгүнүп сагынган сөздөрдү жазууга болбойт
суроого тиешеси жок жоопторду жазууга болбойт