Корей маданиятын жактыргандарга
Сеулда жашаган Анна Мигай кыргызстандыктарды корей маданияты менен жакындан тааныштырат.
Корей кыздары төшү ачык кийим кийишпейт, бирок, юбкалары менен шорталары өтө эле кыска болушу мүмкүн.
Ар бир корейде боюу менен тең келген куртка бар.
Кышында туфличен же багалеги түрүлгөн джинсычан жүргөн кыздарды көрө аласыз.
Жайында футболканын үстүнөн сарафан кийгенди жактырышат.
Кышында корейлер үйүндө түктүү пижама кийишет. Андыктан, пижамачан жана тапичкечен дүкөнгө бараткан корейди көргөндө таң калбаңыз.
Макияжына абдан көңүл бурушат. Тамактанып бүткөндө жана даараткана бөлмөсүнө кирген сайын оңдошот.
Көкүлүнө бигуди коюп алган корей кыздарын коомдук транспорттон көп жолуктурса болот. Сумкаларына кийинекей чач үтүк салып жүрүшөт.
Ар бир корейдин гардеробунда оверсайз худи бар.