// //

Аялымды сөккөн досторумдан кол үзүп салдым

2020.01.06, 14:48
4156

Bilesinbi.kg жаштар долбоору ар бир келген суроолордун анонимдүүлүгүн сактап, тиешелүү адистерден бекер жооп алып берип келет.

Үйлөнгөнгө чейин кудайдын куттуу күнү досторум менен чардап жүрчүмүн. Үйгө таңкы саат төрттө келем. Оозуман тамеки түшпөйт. Колумда ар дайым пиво же энергетик. Жарытып тамак ичпейм. Күн сайын бильярдка, мончого барабыз же “пивнойдо” футбол көрүп отурабыз. Ден соолук деген нерсе менден эбак эле кеткен.

 “Уулум, айлана-чөйрөң жакшы эмес”, - деп, ата-энем кабатыр. А менин көзүмдү май баскан. Эртең менен тура албай калгандыктан, үч-төрт жолу жумуштан айдалдым. Анда деле мурдумду балта кеспейт.

Бир күнү катуу ооруп төшөккө жатып калдым. Баягы досторумдун аягы суюлуп баштады. Бир-экөө келип акыбалымды сурап кетишти. Калгандары чалып койгонго жарабай, смс жазышты. Ватсаптагы группадан чыгарып коюшуптур. Онтолоп төшөктө жатсам бирөөсү келип карызын доолап кетти. Ушундай ...

Төшөктө жатып өзүмдү ушунчалык жалгыз сездим. Ооба, ата-энем жанымда. Бирок, мага дагы бир адамдын колу керек болуп жатты. Айыксам эле үйлөнөм дедим.

Аида мага укол сайып жаткан Тамара эженин сары кызы. Ал да апасы сыяктуу медайым. Көк көздөрү менен мени караганда өзүмдү жоготуп коем. Чын, көздөрү башкача көк.

Үйлөндүм. Мага эмне болгонун билбейм, бирок кадимкидей өзгөрө баштадым. Тактап айтканда, Аида мени өзгөртө баштады. Жумушум бүтөөр менен үйгө шашам. Жолдон келатып нан-пан алып алам. Күн сайын ата-энеме чалып акыбалын сурайм, муну да келинчегим эскертип турат. Дем алыш күндөрү достор менен мончого барбастан, жубайым менен киного же кафеге барып тамактанып келебиз.

Жубайым жашоодо көп сонун жана таза нерселер бар экенин  көрсөттү. Ага болгон сыйым күн сайын артып барат.

- Дос, сага эмне болду?

- Бизден качып эле калыпсың. Аялыңдын такасынын алдына кирип кеттиңби?

- Жок, болгону мен күйөө болдум. Силер менен жолугам, эгер...

- Жанагы аялың э..., аял экен.

- Мен кеттим.

- Тамаша, токто!

Келинчегим досторуң менен жолукпа дебейт. “Үйгө чайга чакыр” деп эле турат. Болгону убакыт баарын иргеп койду.  Азыр айланамда жүз эмес, бир-эки эле досум калды, үй-бүлөбүз менен катташабыз.

Ал эми, “сени багынтып алды” деп аялымды сөккөн досторумдун баарынан кол үздүм. Менин тандоомду колдобогон, эң жакын адамыма жаман сөз айткан достордон жакшылык күтүп болобу?

Башкы беттеги илюстративдүү сүрөт.

Бул жерден башка кызыктуу макалаларды окусаңыз болот:

Алты кыздын атасы болгондон бери уктабай калдым

Кызымды күйөөсү менен жаныма алып калганыма өкүндүм

"Калың бербейт экенсиң" деп кызымдын жигитин кууп чыкканыма өкүндүм

Кыздуу болгондон кийин аялымды сыйлап калдым

Таенеме жашоодон тажадым десем, сабиз, жумуртка алып чыкты. Сабак болчу окуя

Биринчи этек кирим келгенде апам ким менен жаттың деп урган

Депутат байке окууга өткөрөм деп алдап кыздыгымдан ажыратты

Кайын энем күйөөмдүн турсийин өзүм жууйм деп талашат

Аялымды каалабай калдым деген эркектер сөзсүз окушу керек

Бул сайтка чыккан маалыматтын бардыгы Bilesinbi.kg сайтынын менчиги болуп саналат. Сайтка чыккан маалыматты гиппер шилтемесиз колдонууга тыюу салынат.
Анонимдүү колдонуучунун суроосу модератор текшергенден кийин гана сайтка жайгаштырылат. Эгер сиздин сурооңуз тез жайгашсын десеңиз анда биздин социалдык түйүндөрдүн бирине катталыңыз.
Ɵзүн туура алып жүрүү
биздин сайтта:
сөгүнгөн сөздөрдү жазганга болбойт
суроолорду ким жазса, ага карата мазактаган, шылдыңдаган сөздөрдү жазууга болбой
кимдир бирөөлөрдү коркутуп үркүтүү, же жекеме-жеке сүйлөшүүгө чакырууга болбойт
дискусиянын катышуучуларынын кадыр баркына шек келтирүүгө, басынтууга болбойт
КР нын мыйзамына каршы келген жоопторду чыгарууга болбойт
жоопторду транслитке чыгарууга болбойт
жоопторду башкы тамгалар менен бөлүп чыгарууга болбойт
адамдардын тутунган динине, улутуна асылган, басынткан сөздөрдү жазып чыгарууга болбойт
бир эле суроого ар кайсы ник менен жазууга болбойт
ник менен сөгүнүп сагынган сөздөрдү жазууга болбойт
суроого тиешеси жок жоопторду жазууга болбойт