// //

Качып кеткен тамгалар

2018.10.29, 15:15
6170

Бир кичинекей айылда Данияр деген кичинекей балага апасы менен атасы алиппе китебин белек кылат экен.

Данияр жаңы китебин ачып, кызыгып карап, бирок тамга билбегендиктен китепти жаап, ары алып коёт дагы, ал жөнүндө унутуп калат.

Китептин ичиндеги тамгалар аны күтө берип тажашат экен. Күндөрдүн биринде тамгалар абдан эригишип, чогулуп чурулдап калышат:

- Биз эмне ушинтип эле жата беребизби? – деп Жинденген «Ж» тамгасы ачууланат экен.

- Ооба, туура айтат «Ж» досум! Жүргүлө, саякатка чыгып келебиз, балким башка китеп таап алабыз… - деп Капаланган «К» тамгасы жооп берет.

 

– Жок, достор, биз антип капалансак болбойт! Данияр эртең эле окуганды үйрөнөт, а биз жок болуп кетсек, кандай болуп калат анан? – деп, Акылдуу «А» тамгасы өзүнүн оюн билдирет.

 

– Бирок, ушинтип эле отура берген кандай кызыксыз… – деп, Үшкүрөт «Ү» тамгасы.

– Ооба, жүргүлө бизди жакшы көрүп окуй турган бөбөктү издеп табабыз дагы, анын китебине кирип кетебиз! – деп, Шыпылдаган «Ш» тамгасы бардыгын чакырат.

 

– Туура, туура, кеттик! – деп бардык тамгалар чурулдашат.

Ошентип, тамгалардын бардыгы кетип калышат. Алар ошол үйдө болгон көптөгөн китептердин ичине саякат кылышат, акыры абдан чарчашат.

 

Ал эми Данияр болсо, бир күнү китебим бар эле деп эстей калып, китебин ачса – ичинде бир да тамга жок экендигин көрөт. Аябай таң калып, ал ата-энесине чуркайт:

– Атаке, апаке! Менин алиппемде бир да тамга калбай калыптыр!!!
Апасы менен атасы китепти ачып, ал жерден бир тамга табышпайт. Анда апасы айтат: 
– Балам, сен тамгаларды бирден атынан айтып чакырсаң, балким алар сага кайтып келет... 
– Ооба, ооба, – деп Данияр сүйүнөт, – бирок, мен алардын аттарын билбейм да… – деп, бала кайра капа болуп отуруп калат. 
– Анда эмесе кел окуйлу, - дейт апасы:

«А» – тамгадан башталат биздин алфавит. 
«А» – тамгасы турат биринчи!

Данияр «А» – деп кайталаганда. «А» тамгасы угуп:

– Достор, мени Данияр чакырып жатат окшойт, – деп чуркап келип, китептин ичине секирип кирип кетет.

Анын артынан «Б» кирет, аны коштоп «В» кетет, артынан «Г» жөнөйт, ошентип отуруп бардык тамгалар өз үйүнө сүйүнүшүп кайтып келишет. Данияр болсо бардык тамгаларды үйрөнүп, алар менен дос болуп калат. Алардын жардамы менен Данияр миӊдеген китептерди окуйт. Сенчи? Жакшы кѳргѳн тамгаларыӊ кайсылар?

Жомоктун автору: Алтын Капалова

 

Бул сайтка чыккан маалыматтын бардыгы Bilesinbi.kg сайтынын менчиги болуп саналат. Сайтка чыккан маалыматты гиппер шилтемесиз колдонууга тыюу салынат.
Анонимдүү колдонуучунун суроосу модератор текшергенден кийин гана сайтка жайгаштырылат. Эгер сиздин сурооңуз тез жайгашсын десеңиз анда биздин социалдык түйүндөрдүн бирине катталыңыз.
Ɵзүн туура алып жүрүү
биздин сайтта:
сөгүнгөн сөздөрдү жазганга болбойт
суроолорду ким жазса, ага карата мазактаган, шылдыңдаган сөздөрдү жазууга болбой
кимдир бирөөлөрдү коркутуп үркүтүү, же жекеме-жеке сүйлөшүүгө чакырууга болбойт
дискусиянын катышуучуларынын кадыр баркына шек келтирүүгө, басынтууга болбойт
КР нын мыйзамына каршы келген жоопторду чыгарууга болбойт
жоопторду транслитке чыгарууга болбойт
жоопторду башкы тамгалар менен бөлүп чыгарууга болбойт
адамдардын тутунган динине, улутуна асылган, басынткан сөздөрдү жазып чыгарууга болбойт
бир эле суроого ар кайсы ник менен жазууга болбойт
ник менен сөгүнүп сагынган сөздөрдү жазууга болбойт
суроого тиешеси жок жоопторду жазууга болбойт