Неберелерин каралашкан чоң апалар жана чоң аталар көп жашашат! Илимий изилдөө
Чоң апалар жана чоң аталар, неберелерге убакыт бөлүп, аларга кам көрүүнү унутпагыла. Анткени, бирге өткөргөн убакыт эки тарапка тең пайдалуу.
Evolution and Human Behavior журналында жарыяланган изилдөөгө Берлин шаарында жашаган, 70 жана андан жогору жаштагы 500 адам катышкан.
Изилдөөнүн соңунда окумуштуулар кызыктуу корутунду чыгарышкан. Көрсө, өзүнүн неберелерине каралашкан чоң апа, чоң аталар каралашпагандарга салыштырмалуу 20 жылга узагыраак жашашат экен.
Бул жакта өзгөчө белгилей кете турган нерсе, сөз маал-маалы менен небересине каралашкан абышка-кемпирлер туурасында айтылып жатат. Неберени багууда жоопкерчиликти толугу менен мойнуна алган карыларга тиешеси жок.
Доктор Ронан Фактордун айтканына караганда, стрессти төмөндөтүү жана кичинекей балдарга кам көрүү экөөнүн ортосунда көзгө көрүнбөгөн байланыш бар. Ошондуктан балдарды ойнотуу, аларга бир нерсе үйрөтүү чоң аталар менен чоң апалардын жана неберелердин маанайын көтөрөт.
Ортодо түзүлгөн достук жана түшүнүшүү мамиле кары адамдарга физикалык жактан активдүү болуп, өздөрүн бактылуу сезүүгө мыкты өбөлгө түзөт. Ал эми кичинекей бөбөктөр үчүн да мындай карым-катнаштын орду чоң. Алар өздөрүн ишенимдүү сезип, эмоционалдык жактан туруктуу болушат.
Бирок эсиңерде болсун! Урматтуу жаштар, кары адамдарда силердей энергия жана ден соолук жок. Ошондуктан балдарды аларга калтырып, неберелердин ден соолугу, тарбиясы, жашоосу үчүн жоопкерчиликти толугу менен аларга жүктөп салбаңыз. Ата-энеңизге күч келтирбеңиз.
Маалымат бул жерден алынды.
Балага тарбия берүү жөнүндө кызыктуу макалаларды бул жерден тапсаңыз болот:
Януш Корчак: Бала бул майрам, азырынча сенин колундагы майрам
Уулду болгум келип кыздарыма жакшынакай ат койбогонум үчүн өкүнөм
Бала канчалык жаман окуса, аны ошончолук көп мактоо керек
Кыздарды тарбиялаган энелер кетирген 5 жанылыштык