// //

Бала канчалык жаман окуса, аны ошончолук көп мактоо керек

2019.10.31, 17:18
4348

Бала чагы советтер союзуна туш келгендердин көбү “азаматсың”, “коркпо, колуңан келет”, “эң сонун жасаптырсың” деген мактоо сөздөрдү өтө эле аз укса керек. Анткени балага мактоо жарашпайт, дароо дардаңдап кетет, деген түшүнүк бар болчу.

Бирок баланы мактоо өтө маанилүү. Мээрим төгүп айтылган сөздөр эч кимге зыянын тийгизген эмес. Башкысы баланс сактоо керек.

Педагог-дефектолог Татьяна Мировскаянын пикири боюнча балдарды ата-энеси гана эмес мугалими да мактап турушу керек.

Мектептеги тапшырмаларды аткара албайт, бирок мындай сурасаң же сүйлөшсөң бардыгын сопсонун билген жана түшүнгөн окуучуларды көп эле жолуктурам.

Бир кичинекей бала менен сүйлөшүп калдым:

- Эмне үчүн текшерүү ишиңде ката көп? Сен булардын барын жакшы эле билет экенсиң го? Же мектептен чыгарыш оор болдубу?

- Жок. Мен башында эмне кылыш керек экенин түшүнгөн жокмун. Анан жазыш керек болгондо убакыт аз эле калды. Мен жетишпей калдым.

- Түшүнбөсөң эмне үчүн мугалимден сураган жоксуң?

- Мугалим сабак учурунда суроо бергенге уруксат бербейт.

- Мугалим сени мактайбы? Бала түшүнбөгөндөй карап турду. – Мугалим силерди урушабы?

- Ооба, урушат. Перемена учурунда ары-бери чуркасак, чуркабагыла, деп урушат. Сабакта тынч отургула, суйлөбөгүлө, деп урушат.

Мен балдарды ар дайым мактайм. Кенедей ийгилиги үчүн болсо деле. Ошол учурда баланын көздөрүнүн жайнаганын байкасаңар. Дагы-дагы айтчы, дагы мактачы, деп суусап турган гүл суу сурагандай суранат көздөрү.

Ата-энелер менен сүйлөшүп жатканда жүзүнчү жолу айтсам да баланы макташ керек, деп айткандан тажабайм. Эч качан Асанды Үсөнгө салыштырбагыла. Эч качан баланын жетшкендиктерин өзүңөрдүн ийгиликтериңерге салыштырбагыла. “Сендей кезимде, мен жалаң бешке окуп, уй саап, беш бала багып, кечкиге манты түйүп койчумун” – деп балага айткан болбойт.

Ал сиздин балалыгыңыз. Сиздин жашооңуз. Асан менен Үсөндүн ар биринин өзүнүн жеке жашоосу бар. Асандын жетишкендиктерин анын мурунку ийгиликтерине гана салыштырабыз. Үсөндүкүн да өзүнүкүнө гана.

Бала канчалык жаман окуса, аны ошончолук көп мактоо керек. Мактаганда баланын канаты пайда болот. Жаңы бийиктиктерди багынтып, жаңы ийгиликтерге жеткиси келет.

Балдар “жаман бала”, “жалкоо” атка конгусу келбейт. Болгону ар биринин ийгилиги ар башка нерседе, ар башка учурда. Бири эртерээк жетет, экинчиси кечирээк. Болгону чоңдор баланын ийгиликтерин байкашпайт же маани беришпейт. Бирок балдар үчүн мактоо абдан маанилүү. Ата-энең, мугалимиң мактап, жылуу сөз айтып, кучактап, сыймыктанып турушса кимге жакпасын.

Ойлонуп көрсөңүз, мактоо сөзүн айтуу оор деле эмес да.

Бул сайтка чыккан маалыматтын бардыгы Bilesinbi.kg сайтынын менчиги болуп саналат. Сайтка чыккан маалыматты гиппер шилтемесиз колдонууга тыюу салынат.
Анонимдүү колдонуучунун суроосу модератор текшергенден кийин гана сайтка жайгаштырылат. Эгер сиздин сурооңуз тез жайгашсын десеңиз анда биздин социалдык түйүндөрдүн бирине катталыңыз.
Ɵзүн туура алып жүрүү
биздин сайтта:
сөгүнгөн сөздөрдү жазганга болбойт
суроолорду ким жазса, ага карата мазактаган, шылдыңдаган сөздөрдү жазууга болбой
кимдир бирөөлөрдү коркутуп үркүтүү, же жекеме-жеке сүйлөшүүгө чакырууга болбойт
дискусиянын катышуучуларынын кадыр баркына шек келтирүүгө, басынтууга болбойт
КР нын мыйзамына каршы келген жоопторду чыгарууга болбойт
жоопторду транслитке чыгарууга болбойт
жоопторду башкы тамгалар менен бөлүп чыгарууга болбойт
адамдардын тутунган динине, улутуна асылган, басынткан сөздөрдү жазып чыгарууга болбойт
бир эле суроого ар кайсы ник менен жазууга болбойт
ник менен сөгүнүп сагынган сөздөрдү жазууга болбойт
суроого тиешеси жок жоопторду жазууга болбойт